Марлен Маматалиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы катары Түрк мамлекеттеринин парламенттик ассамблеясынын башкы катчысы Рамил Хасанды кабыл алды.
Жолугушууда төрага парламенттик дипломатия аркылуу боордош түрк элдеринин кызматташуусун чыңдоо бүгүнкү күндүн маанилүү талабы экенин белгиледи. Анын айтымында, Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы бардык түрк мамлекеттеринин парламенттери менен тыгыз иштешүүгө жана ассамблеянын алкагындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар.
Ошондой эле төрага ТүркПАнын кезектеги пленардык жыйыны быйыл күзүндө Кыргызстанда өтөрүн эске салып, бул иш-чара түрк өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташууну тереңдетүүгө жана жаңы макулдашууларга жетишүүгө шарт түзөрүнө ишеним билдирди.
Маалыматка ылайык, Түрк мамлекеттеринин парламенттик ассамблеясы 2008-жылы түзүлгөн. Ага төмөнкү өлкөлөрдүн парламенттери мүчө: Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан жана Түркия. Ал эми ассамблеянын иш-чараларына Венгрия, Түркмөнстан Өзбекстан парламент өкүлдөрү да активдүү катышып келет.
Жолугушууда Рамил Хасан ассамблеянын алкагында ишке ашырылып жаткан долбоорлор жана алдыдагы пландар тууралуу маалымат берип, Кыргызстанда өтө турган жыйынга олуттуу даярдык жүрөрүн билдирди.
Мындан тышкары тараптар мүчө мамлекеттердин парламент жетекчилеринин жакын арада боло турган бейрасмий жолугушуусун, ошондой эле ТүркПАнын башка эл аралык парламенттик уюмдар менен кызматташтыгын кеңейтүү маселесин талкуулашты. Бул багытта Европа жана Латын Америкадагы парламенттер аралык бирикмелер менен байланыштарды өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.

