whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
09.11.2025
-1.9 C
Бишкек

Асыранды

(Башталышы өткөн санда)

***

Фатима кыздуу болгону кыял-жоругу, баскан турганы да өзгөрдү. Эми анын мойнунда сыртта колхоздун иши болсо, үйүндө үй тиричилигинен башка кызынын түйшүгү кошулду. Түйшүк деле эмес. Эмнегедир күчүнө-күч кошулуп, канат байлагандай сезилет. Басса-турса кызын ойлойт. Энелик мээрими төгүлүп, өзү тууп-түшкөндөй эле имерилет, үстүнө үйрүлүп түшө калат. Анан кантсин өзүнүн согончогу канап, тогуз ай толгонуп, бала көтөргөндү Кудай насип кылбаса. Алган жарынан ай айланбай ажырап, согушка аттанса. Буйрук ушундай турбайбы. Ар ким бешенесине жазганын көрөт дегени ушул го.

Батышта согуш апааты күчөгөн сайын элет турмушу да улам оордой берди. Элди ачарчылык каптады. Жегенге наны жок, айласыз кайыр сурап калгандар да көбөйдү. Ушундай күндөрдүн биринде Фатима короого чыкса эле бир коён жүрөт ары-бери чуркап. Өмүрү коён бакмак турсун, этин да жеп көрбөгөн. Карматкыдай эмес. Качып агылга кирип кетет. Кайра чыгып, короодо чуркап калат жем издеп. Бул да Кудайдын бергени, кызымдын ак жолтой болгону деп жакшылыкка жоруп койду.

Колхоздун жумушуна алаксып, үйдөгү коёнду эсинен деле чыгарып койгондой болгон. Кечке маал келсе баягы коён жүрүптүр короодо. Фатимадан чочудубу, качып агылга кирип кетти. Буга таңдана карап койду да үйдөгү кызына шашты. “Бул жаныбар айылдагы орус кошуналардыкы болсо, эмдигиче издеп келишмек же ач болгондо өзү деле үйүн издеп кетип калмак” деген ойдо үй оокатына алаксып калды. Курсагы тойгон кызын эркелеткенче көтөрүп алып, жогорку айылга жөнөдү.

Дагы эле болсо баягы чоң абысынга барды. “Өзү келген коёнду, коё берген оңорбу”, дегенди билесиңби. Бул да болсо Кудайымдын бергени. Эми аны кетирбей багып алыш керек. Талаадагы көк бедеден оруп келип таштап кой. Курсагы тоюп сенин корооңо көнүгө берсин. Анан кечиктирбей короонун четине тереңирээк кылып ор каздыр. Коён секирип чыкпагандай болсун. Ичин болсо кеңирээк жасат. Ороодо да ары-бери чуркагандай болсун жаныбар”, – деп кеңешин айтты.

Айылдагы кол арага жараган кишилерди, балдарды топтоп, абысыны айткандай кылып ороо каздырды. Агылга жашынган коёнду көптөп кармашты да казылган ороого салып коюшту. Эми чөп-чарды, коён жей турган тамак-аш калдыктарын салып коюшат. Ал эми коён болсо, казылган оронун түбүнөн ары жак, бери жагына ийин казып алып жашай берди. Бооз келген окшойт, убагы келгенде жайнатып төлдөп берсе.

Эми Фатимага бул да кошумча дарамет болуп калды. Кудайым берем десе ушул экен да. Улам жетилген бөжөктөрүнөн союп, этин базарга алып барат. Акчасына азык-түлүк алат. Жаратканым Фатимага кыз эле бербестен, моминтип ырыскысын кошо бергенине миң мертебе шүгүр кылат, ичинен тобоо келтирет.

Батыштагы кан күйгөн согуш да бүтүп, турмуш да аз-аздап оңоло баштаган. Эл да жараатынан аз-аздан айыгып, кайтпай калгандардан түңүлө баштаган кез. Фатима да канча күткөн менен күйөөсүнөн кабар болгон жок. Акырындап үмүт оту өчө берди. Турмуш өз нугунда кете берди. Ушундай күндөрдүн биринде короодогу коён да дайынсыз жоголду. Же өлүгү, же тириги белгисиз. Ары-бери издеп таппагандан кийин, “Кудайдын кудурети, ачарчылыкта бизди кыйналбасын деп жиберген турбайбы. Эми турмуш оңолорунда алып кетиптир да” дешип жакшылыкка жоруп кала беришти.

Терең ойго чөмүлгөн Фатима илкий басып жолун улайт. Ал өзү менен өзү. Апасынын минтип унчукпай, артындагы баласына да анча көңүл бурбай кетип баратканына таң калган кызы да көлөкөдөй болуп ээрчип алган. Анда санда гана “Апаа, чарчадым, кичине отуралычы”, дегени эле Фатиманы ой дүйнөсүнөн ойготкону болбосо, ал өзүн деле унутуп койгондой.

Ошол ошол болду. Фатима да кызын базарга ээрчитпей калды. Өзү да Өзгөнгө келип калса, тез кайтканга аракет кылат. Артынан баягы Хусанбай аңдып жүргөнсүп, элеңдеп коруна берет…

***

Улуу жеңиштин жазы менен кошо келген шаңдуу салтанат күндөр да жайга алмашып, күтүрөгөн күз да кирип келгени сезилбей калды. Согуш каарынан, кайгы-капасынан, азап-тозогунан жүдөгөн эл да аман келгендерге топук кылышып, кайтпай калгандардан үмүт үзгүлөрү келбей күн кечирип калышкан. Ушундай күндөрдүн биринде Хусанбайдын үйүнөн да күлкү жаңырды. Кубанычтын көз жашы акты. Мезгил күзгө таяп калганы, майдандан кайткандардын агымы улам сээлдей баштаган. Хусанбайдын аялынын да үмүтү улам үлпүлдөп, майы түгөнүп бараткан шам чырактай болуп өчүп бараткан.

Хусанбай кызмат кылган аскер бөлүгү жеңиштен кийин да бир топко чейин кармалып калган. Бошотулган шаар кыштактардагы тартипти жолго коюп, качып-бозуп жашырынып калгандарын жойгончо да убакыт өтүп кетти. Хусанбайдын кеч кайтканы да ошондон. Эмнеси болсо да аман-эсен келгенине шүгүрчүлүк. Кызыл кыргын, кан майданда жүрсө да душман огу чекесин чийип койбоду. Жарат албады. Кудайдын кудуретине тобоо келтирип ичинен дуба кылып жүрдү. Кубанычтан жүрөк жарылмак беле, Хусанбайдын амандыгын уккан кошуна-колоң, тууган-уруктун да аягы суюлуп, кадимки турмуш башталды.  Эл азайганда Хусанбай ортомчу кызын жоктоп калды. Кызым көрүнбөйт да деген суроосуна аялы көз жашын төгүп ыйлап кирди. Ачарчылыктын азабынан оокат издеп, жан багып жүрүп, колунан чыгып кетип, көпүрөдөн сууга түшүрүп жибергенин айтып боздоду. Жазынын суусунан куткаралбай калганын айтты. Халидахан кызынын сууга акканына эмес, Хусанбайга жалган айтканына чыдабай ызаланды. Ачтан өлтүрүп албайын деп бирөөгө берип койгомун деп кантип айтмак. Анда эле абийири ачылып, эринин алдында да, Фатиманын алдында да шермендеси чыкпайбы. Аялынын боздоп-боздоп ыйлаганын күйүтүнө жоруган Хусанбай да калгандарынын амандыгын тилеп, кайра аялынын көз жашын токтотуп, жоотконго аракет кылды. Тагдыр ушул экен деп, эки кызынын амандыгын тилеп отуруп калды. Согушта каралбай калган короо-жайын оңдоп, чарбачылыгын жолго койгонго далалат кылды. Мурдагыдай устачылык менен нан таап, үй-бүлөсүн багып калды.

Ачарчылыкта тарткан азап-тозогу, ач ток калып, наристе кыздарын багам деп өзүнө карабай жүргөнү эми билине баштады. Же Хусанбай алты саны аман кайтып келгени кубанычтан өзүн таштап жибердиби, ким билсин,  Халидахан да кийинки күндөрү көп сыркоолой турган болуп калган. Өзүнүн абалы начарлай баштаганын мурда эле сезген болсо да чиедей кыздарымды кимге таштайм деген ниетте доктурга да көрүнгөн эмес. Атабыз согуштан аман келсе, кыздарымды колуна тапшырсам, анан деле көрүнөрмүн доктурга деп ичинен чыдап жүрө берген.

Хусанбай канча аракет кылып, доктурга көрсөттү, айласы кеткенде молдо-кожо кылып, мусулманчылык жолун да жасап көрдү. Халиданын илдети күндөн-күнгө күчөп, төшөк тартып жатып калды. Эптеп кыштан чыгып, акка жетип алсак, айран-сүт кылып оңолуп кетесиң. Сабыр кылып, чыдагын деп канча айланчыктаса деле болбой Халидахандын абалы начарлай берди.

– Хусанбай мен эми турбай калдым окшойт. Мени кечир. Кыздарымды кор тутпай жакшы кара. Берки кызың деле Жазынын суусуна аккан эмес. Ачкачылыктан өлтүрүп албайын деп Мырзакилик бир аялга бергенмин. Арманым ичимде кетпесин, мага ыраазы бол, – деп узап кете берди.

Мындай болору үч уктаса түшүнө кирбеген Хусанбай Халидаханды жайына узатып, өзүнө келгенден кийин ар кимден сураштыра баштады. Аялы кетээринде чын айттыбы же өлүм алдында оорусуна чыдабай жөөлүдүбү бирдемелерди айтып. Ал жагы Хусанбайга бүдөмүк бойдон калды.

Элдин башына мүшкүл түшүп, ар ким өз арабасын тарталбай, арга кетип турганда Халидахандын ымыркай кыздары менен айыл кыдырып кеткенин кошуна-колоңдору айтып беришти. Бир сындырым нан үчүн бир нече күн ошол жакта жүрүп калганын, бир жолу эки эле кызын алып кайтып келгенин, анан бир кызы Жазы суусуна агып кетти дегенин айтып беришти. Ошондой күндөрдүн биринде Хусанбайдын кызын издеп жүргөнүн уккан бир кошунасы айтып калды.

– Хусанбай, сен макул десең, Өзгөндүн орто чениндеги эски чайканага барып, бир байкасаң. Ошол жерге мырзакилик бир катын кызын ээрчитип келет. Дайыма кызын чайканага отургузуп коюп, өзү базарга кетет. Кызы болсо апасы келгенче ошол жерде ойноп жүрөт. Чайканачы чал көз салып турат. Кебетеси сенин кыздарыңа окшоп кеткендей көрүндү мага.

Кошунасы айтканга көп деле ишене бербеген Хусанбай, эмнеси болсо да бир барып көрөйүнчү деп келип турбайбы. Жазынын суусуна агып кеткен кызы ушул экенине же ишенерин же ишенбесин билбей, эси эки болуп отуруп калса. Эч нерседен капарсыз оюнга алаксыган кыз жанында жалдырап карап турган кишини аңдаган да эмес. Секелек кызды акмалап карап турган чоочун кишини байкаган чайканачы карыя:

– Ээй, бурадар, бу кыздын жанында не турсуң. Анын апасы базарга кеткен мага дайындап коюп. Көп оролошпой жолуңа түш тууган,-деп үн салганда гана селт этип өзүнө келген Хусанбай четирээк барып шалдайып отуруп калган. Ошондон кийин кыз менен сүйлөшөйүн деген аракетин да токтоткон. Эмнеси болсо да апасынын келишин күтмөк болгон. Апасы болсо тигинтип кайра беттен алып, “бул сеники эмес, өзүм тууган кызым” деп, тилегин таш каптырып койду. Колунда далил болбогон соң, бүдөмүк ойдо калды. Хусанбай ошентип же ыраматылык аялынын айтканына ишенбей, же көргөн көзүнө ишенбей аргасыз үйүнө кайткан.

Турмуш өз нугунда улана берди. Арадан билинбей жылдар өттү. Колунда калган кыздары бойго жетти, турмушка чыгып, өз алдынча орозгер күтүп калышты. Өзү болсо башка турмуш күттү. Андан да бала-чакалуу болду. Көкүрөгүндөгү баягы эски жара карттанып, унутулуп деле  калгандай болуп калган.

 ***

Хусанбай балдарын ишке салып коюп, үйүндө болчу. Дарбазасы такылдаганын өзү чыгып ачты. Көргөн көзүнө ишенбей, оозу ачылып таң калып катып калды. Алдында баягы-баягы кызына жолотпой койгон аял турат.

– Саламатсыңбы, Хусанбай. Эмне эле эсиң ооп карап калдың. Көргөн көзүңө ишене албай турасыңбы. Ооба, мен ошол катынмын. Тааныдыңбы. Эми сүйлөшө турган учур келди. Ошон үчүн алдыңа өзүм келдим. Мен да карыдым. Баягыдай ал-күчүм жок. Мен да жалгызмын, кызым да жалгыз. Кудайым мага башка бала насип кылган жок. Омурткам сыздап, тогуз ай толгонуп бала көтөргөн жокмун. Тутунганым жалгыз кызым болду. Эми ачыгын айтайын деп алдыңа келдим. Ошол сенин Жазыга агып кеткен кызың. Андан башка карманар жөлөгүм, эрмегим жок үчүн өмүр бою сенден корунуп жашадым. Дагы качан издеп келет экен деп ичимден сыздап, күтүп жүрдүм.

Сен эми мага капа болбо. Кызымды окуттум, колумдан келишинче тарбияладым. Бойго жеткенде күйөөгө узаттым. Өзү тандаган жерге тууруна кондуруп, көңүлүм жайланды. Небере көрдүм. Азыр эки балалуу болду. Бул кагаздагы менин кызымдын жашаган дареги. Туура көрсөң барып таанышып, бир туугандары менен катташтырып кой. Биз деле дүйнөгө түркүк болмок белек. Жалгызмын дебей, бир туугандары менен таанышып, карым-катнаш күтсүн, – деди да Хусанбайдын колуна кызынын дареги жазылган кагазды карматып, ал эс-учун жыйганча эле басып кетти.

Мындайды күтпөгөн Хусанбай да өзүн жоготкон бойдон калды. Тиги аялдын артынан чыгып, токтотконго да дарманы жетпеди. Качан эле үмүтү үзүлүп, эскирип калган жарасы кайра козголду. Ыраматылык аялы өлөрүндө коштошуп жатып айтканы чын экенине эми көзү жетти. “Жазынын суусуна акпай” эле кызы бар турбайбы. Оо илгери Өзгөндөгү чайканадан көргөн кыз чын эле өзүнүн кызы турбайбы. Ошондогу секелек кызды эстеп, ошондогу өзүнүн чечкинсиздигине, жалтаңдыгына ызаландыбы, же үзүлгөн үмүтү кайра жанып, кызынын табылганына кубандыбы, айтор көптөн бери ичинде топтолуп буюгуп жүргөн арманы сакалы ылдый куюлуп агып жатты. Айвандагы чарпаяда ыйлап отурган чалын көргөндө үйдөн чыккан кийинки аялынын да эси кетип, чочуп кетти. Оюна ар нерсе келип, жүрөгү уйгу-туйгу болуп кетти.

– Оо чал, тынчылыкпы, эмне ыйлап атасың. Балдар аманбы деги, – деген аялынын чочуган ачуу сөзүнөн өзүнө келди. Колундагы кагазды аялына карматты.

***

Балдары короодо ойноп жүргөндө үйдөгү иштеримди бүткөрүп алайын деген Гүлназ үй жыйнап жаткан.

– Апаа, сизди чакырып атат, – деп короодон кыйкырган кызынын үнүн угуп сыртка чыкты. Ачык турган дарбазанын сыртында же кирерин, же кирбесин билбей арасат турган бегаана аксакал кишини, анын артында турган жеткинчек эки баланы көргөндө таң калып койду.

– Сиздерге ким керек эле, – деп суроо узатты, мурда-кийин көрбөгөн топучан кишиге.

-Кечирип кой, кызым. Биз сени менен таанышканы келдик. Бул балдар сенин үкалариң болот. Мен сенин атаңмын, – деген Хусанбай алдыга кадам таштады.

– Менин Сиздей тууганым жок. Сиз адашып калдыңыз окшойт, – деп таң калганынан өзүн жоготуп да койду. Үч уктаса түшүнө кирбеген, кайдагы бир атам тааныбаган өзбек кишини көргөндө чочубаганда эмне кылмак эле. Дагы бул балдар үкалариң болот дегенине эмне бересиң. Гүлназ аларды киргиле демек турсун, “менин силердей тууганым жок” деп короодон чыгарганча шашты.

Мындайды күтпөгөн Хусанбай да тилеги таш капкандай болуп шалдая түштү.

– Апаңыз биздин келерибизди айткан жок беле, кызым,-деген боюнча тарс жабылган дарбазанын сыртында калып калды. Апсаласи сууп, балдарынын алдында да уят болгонуна арданып жолуна түштү. “Бу хатын өзү келип айтып кетпеди беле, “кызың менен барып таанышкын” деп.

– Ээ ата, бул эжебиз да Мукадас эжеме аябай окшош экен, аа,-деген баласы гана атасынын көңүлүн алгандай болду. Жеткинчек балдарга эмне, жаңы тууган таап, дагы бир эжелүү болгондоруна кудуңдашып, атасын ээрчип кете беришти.

  ***

Эки баласын ээрчитип күтүүсүз кирип келген кызынын түрүн көргөндө Фатиманын эси чыгып кетти. “Күйөөсү менен урушуп келген го, бу кебетесинде” деген бүдөмүк ой кетти кызы келгенде эле. Гүлназ болсо үйгө кирээри менен эле, мурдунун учунда араң кармап турган ачуусун апасынан чыгарды.

– Сизге эмне болгон. Кайдагы бир өзбек кишини жөнөтүп. Анысы да “атаңмын” деп
коёт кыйраткансып. Эми карыганыңызда мени уят кылып, кайын-журтума шерменде кылайын дейсизби. Атаң согушта өлгөн дебедиңиз беле. Андан көрө ушул өзбек кишиден тууп алгамын деп эле айтып койбойт белеңиз, – деп албууттанган кызы буркан-шаркан түшүп ыйлап кирди.

Сөз төркүнүн эми түшүнгөн апасы да кызын кучактап кантип бакырып ыйлап жибергенин өзү да сезбей калды.

– Иий, эсиме жара чыксын, мен өлөйүн. Сага айтам деп унутуп калган турбайымбы, – деп кызына кошулуп ыйлап да, жобурап сүйлөп да жатты. –Мен дагы күйөө бала менен ары-бери болуп кеткен экен деп жүрөгүм түшүп калбадыбы. Болду эми боздобо, мен өлүп калгансып. Отур мындай, муну сага мурдараак айтышым керек эле. Мынча болду, эми шашпай отуруп, чындыкты угуп алгын. Андан көрө чай кой, кызым. Балдарыңдын да курсагы ачкандыр алыс жолдон,-деп кызын жооткотту. Анан кызын кантип “өзбек кишиден тууп алганын” айтып берди.

– Кеп төркүнү ушундай кызым. Эми бир туугандарың, атаң менен таанышып, катташып турсун деп өзүм баргамын аларга. Жалгызмын дебей баш көтөрүп жүрсүн дегеним, кызым.

– Андай дардиңиз бар экен мен жашыраакта эле айтып койбойт белеңиз. Эми бала-чакалуу болгондо кайын-журтумун алдында эмне дейм. Менин атам согушта өлбөптүр. Апам өзгөндүк бирөөдөн төрөп алган экен,-деп кайсы бетим менен айтам. Ызасына чыдабай арданган кызы ого бетер шолоктоп зээнди кейитти.

– Токтотчу эми, сай-сөөктү сыздатып, кишини өлтүрмөй болдуң. Эмне кылмак элем. Кайын-журтуңа өзүм барам. Болгонун болгондой айтып, алдыларынан өтөм. Тогуз ай толгонуп көтөрбөсөм да, өзүм тууган баламдай кылып баккан апаңмын. Же бала асырап алган бир эле мен дейсиңби.  Кудай мага бала ыраа көрбөсө, пешенеме жазганы ушул болсо, эмне кылмак элем. Же бала жытын жыттабай, куу баш болуп өтмөк белем. “Туу-ган эне эмес, баккан эне” деген. Мен кудай алгыр, сен бар үчүн, сени демөөр кылып, сага таянып жашап жүрбөйүмбү. Ансыз деле бир үйдө сокоюп жалгыз калдым го, – деп ыйлаган апасы көз жашын тыйып, айласы кеткенде кызын сооротконго өттү.

Акыры бир күн ушундай болорун күтүп, ичинен сыздап жүргөн Фатима да желкесинен басып турган оор жүктөн арылып, көкүрөгүн эзип, жан дүйнөсүн кыйнап  жүргөн бугун чыгарып, жеңилдеп калды. Кызын ээрчитип алып, Хусанбайдын алдына да өзү бармак болду.

Таенеси менен апасынын  кучакташып алып, көпкө чейин минтип ыйлагандарын бирдекиде  көрбөгөн гөөдак балдар түшүнүп-түшүнбөй, буларга эмне болгон дегендей карап коюшат да, курсактары тойгонго оюнга алаксып кетишет…

Аскарбек НАСИРДИНОВ

Гезит

Диана Талгарбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

Мурунку макала
Кийинки макала

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар