Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Сузак районунун Көк-Арт айылындагы «Ала-Тоо Азыгы» кооперативинин ишмердүүлүгү менен таанышты.
Маалыматка ылайык, көп тармактуу «Ала-Тоо Азыгы» кооперативинин негизги максаты — сүт жана эт багытындагы ири мүйүздүү «асыл тукум» мал чарба комплексин түзүп, өндүрүш көлөмүн арттыруу. Аймактагы жашоочулардын, мекеме-ишканалардын жана уюмдардын сүт-этке болгон муктаждыгын камсыз кылуу, өлкөнүн мал чарба тармагын алдыга жылдыруу.
Кооператив учурда өз каражаттарынан «симментал» породасындагы 50 баш тубар уй алып келип, асыл тукум мал чарбасы катары мамлекеттик деңгээлде каттоодон өткөн. Келечекте мал санын 1 миң башка жеткирүү менен Сузак районундагы ири сүт жана эт багытындагы чарбалардын бири болуу планы бар.
«Мындай долбоорлор — айыл чарбасын көтөрүү үчүн абдан маанилүү. Мал чарбачылыгын өнүктүрүү менен биз жергиликтүү тургундардын жашоо-турмушун жакшыртып, жумуш орундарын түзөбүз жана ички өндүрүштү жогорулатабыз. Мамлекет мындай демилгелерге колдоо көрсөтүүгө даяр. Жергиликтүү бийлик менен биргеликте инфраструктура, каржылык жардам, жана башка маселелерди чечүүгө көмөктөшөбүз”, — деди Бакыт Төрөбаев.
Жыйынтыгында Көк-Арт айыл өкмөтү жана Сузак райондук мамлекеттик администрациясы мал сарайларын куруу үчүн жер маселесин мыйзам чегинде чечери белгилүү болду. Ошондой эле каржылык жана уюштуруу маселелерин колдоо боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

