Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Ноокат районундагы иш сапарынын алкагында Каранай айылына курула турган 225 орундуу мектептин пайдубалына капсула салып, жергиликтүү эл менен баарлашты.
«Акыркы төрт жыл аралыгында миңдеген чакырым жолдор салынып, жүздөгөн билим берүү жайлары жана саламаттыкты сактоо мекемелери курулду. Калктын социалдык-инфаструктуралык маселелерин чечүүгө багытталган мындай аракеттер дагы улантылат. Анткени, туура жүргүзүлгөн экономикалык саясаттын негизинде казынабыз эселеп өсүп, мүмкүнчүлүктөрүбүз кеңейип барат”, – деди төрага.
Ошону менен катар Ноокат Кыргызстандагы эң чоң беш райондун бири экенин белгилеген Нурланбек Тургунбек уулу: “Бул касиеттүү аймактан өлкөбүздүн калыптануусуна жана өнүгүүсүнө өзгөчө салым кошкон инсандар арбын чыккан. Буга Төрөбай Кулатов, Мейраждин Зулпуев жана Насирдин Исанов өңдүү залкар инсандарды мисал кылсак болот. Андыктан, жаңы түптөлүп жаткан мектеп да ак жолтой болуп, Ноокатка эле эмес, Кыргызстанга кызмат кылган мыкты уул-кыздар өсүп чыксын”, – деген тилегин билдирди.