whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
24.04.2025
13.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаданият жана адабиятМаданиятФрунзе көчөсү 497: Бул үйдө редактор Жаныбек Турсунов жашаган

Фрунзе көчөсү 497: Бул үйдө редактор Жаныбек Турсунов жашаган

18-мартта борбор калаабыздагы Фрунзе көчөсү 497 дарегиндеги үйдүн фасадына мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Кыргыз Туусу” гезитинин 1972-1986-жылдардагы башкы редактору, акын жана журналист Жаныбек Турсуновго арналуу мемориалдык такта орнотулду.

Мемориалдык тактанын ачылыш аземин белгилүү журналист, легендарлуу редактордун шакирттеринин бири Абдыкадыр Султанбаев ачып, Жаныбек Турсунов советтик-партиялык доордун көрүнүктүү ишмерлеринин бири болгонун белгилеп, аны өз мезгилинин чыгаан уулдарынын бири катары атады. Ал эмгек жолун мектеп мугалими болуудан баштап, комсомолдук, партиялык жана мамлекеттик ишмерге чейин өсүп жеткен.

Ал Ат-Башы райондук комсомол комитетинин биринчи катчысы, Тянь-Шань обком комсомолунун биринчи катчысы болуп күжүрмөн иштеп көзгө көрүнүп, 29 жашында Кочкор райкомунун биринчи катчысы болуп дайындалган. 1964-жылдан Кыргызстан КП БКнын бөлүм башчысы. 1972 – 1986-жылдары “Советтик Кыргызстан” (азыркы “Кыргыз Туусу”) гезитинин башкы редактору, Кыргызстан Журналисттер союзунун төрагасы болуп үзүрлүү эмгектенген жана кыргыз журналистикасында “Жаныбек Турсуновдун” мектебин жаратып, ондогон таланттуу журналисттерди тарбиялаган. Кыргыз журналистикасынын кыр аркасы болуп жүргөн журналисттердин дээрлик көбү анын мектебинен  өткөн.

Анын редакторлугунун тушунда андагы “Советтик Кыргызстан”, азыркы “Кыргыз
Туусунун” нускасы 12000дөн 147,5 миңге чейин өскөн. Бул тарых. Жаныбек Турсунов күжүрмөн кызматы үчүн Эмгек Кызыл Туу, Элдердин достугу ордендери менен сыйланган. Ал – Нарын облусунун, Бишкек шаарынын ардактуу атуулу.

Кыргыз эл акыны Токтосун Самудинов Жаныбек Турсуновду журналисттердин тарбиячысы, улуттук басма сөздө өзүнүн мектебин ачкан устат катары баалап, эскерүү китебин чыгаруу керектигин белгиледи. Өмүрүнүн соңку жылдары ыр жазып, поэзия дүйнөсүнө аралашканын, адам катары шартылдап басып, жаркырап күлгөн адам экенин айтып жылуу  эскерди.

Белгилүү журналист Эсенбай Нурушев Жаныбек Турсунов журналист кадрларды өстүрүүгө салым кошконун, өзүн окууну жаңы бүткөндө эле ишенип ишке алганын айта келип, “Көрсө бизди сыртыбыздан багып, сынап, кимдин эмнеге жөндөмү бар экенин, кимдин колунан эмне келет байкап жүрчү экен. Көбүбүздү өстүрдү. Тааныш-билиштигине эмес, талантына, жөндөмүнө карачу. “Советтик Кыргызстан” биз үчүн чоң мектеп болду. Ошол жерден журналистиканын казанында кайнап быштык. Ал кайраты опол тоодой адам эле. Жемин жедирчү эмес, бизди канатына калкалап, далай коргоду. Талантыбызды, багыбызды ачты. Кылган жакшылыгын, тарбиясын унутпайбыз”, – деп анын инсан катары, жетекчи катары мыкты сапаттарына токтолду.

Журналист жана акын Дүйшөк Мам-бетөмүров: “Советтик Кыргызстанда”, агабыздын колунда иштей албай калдык. Бирок, тоонун аркасында жүрүп, анын курч адам экендиги, кыйын редактор экендиги тууралуу аңыздарды көп укчубуз. Гезит абдан таасирлүү эле. Райкомдор эмес, обкомдор сестенип турчу. Себеби, Жаныбек Турсунов мына ошондой залкар инсан эле. Гезиттин аброюн көтөрүп койгон. Гезит менен баары эсептешчү. Өзү да кайда болбосун көк жал арстандай сүйлөчү” деп чын дилинен чыккан сөздөрүн  айтты.

Ооба, башкы редактор Жаныбек Турсуновдун тушунда “Советтик Кыргызстандын” кабарчысы келди” дегенде башкармалардын тизеси калтырап турчу мезгилдер болгон” деген аңыздарды биз да угуп калдык. Эң башкысы, ал элге алымдуу, маданияты бийик, бүркүт кабак, калыс жетекчи болгон экен.

Бүгүн Жаныбек Турсунов замандаштарынын, шакирттеринин эскерүүлөрүндө өзүнүн экинчи өмүрүн жашап жатат. Арийне, андагы “Советтик Кыргызстан”, азыркы “Кыргыз
Туусунун” тарыхында башкы редакторлор көп эле болгон, бирок баары эле Жаныбек Турсуновго окшоп легендарлуу редактор боло алышкан эмес.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,
“Кыргыз Туусу”

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар