Иран-Израил жаңжалы адеп башталганда эле “Кыргыз Туусу” гезити 17-июндагы №43 санында бул кармаштын кесепеттерин божомолдоп жазган. Биздин гезиттин ошол прогнозунда Иран Ормуз кысыгын жабышы мүмкүн экендиги, кокус жапса дүйнөлүк экономикага эбегейсиз зыяны тиерин белгилеген.
Ормуз кысыгы Персия жана Оман булуңдарын бириктирип, Индия мухитине чыгуучу стратегиялык деңиз жолу. Бул кысык аркылуу дүйнөдөгү нефтинин 20%, деңиз аркылуу ташылуучу нефтинин 35% ташылат. Эгер кысык жабылса, анда нефтинин баасы кескин өсүп, дүйнө экономикасына оор сокку урулуп, инфляцияны ооздуктоо кыйындайт.
Эки-үч күндөн бери жалпыга маалымдоо каражаттары, социалдык тармактарда Ормуз кысыгында жүк ташуучу кемелер, айрыкча мунайзат ташыган танкерлер топтолуп, тыгын жаралганы, айрым танкерлер артка кайта баштагангы маалымдалды. Навигацияга көз салып турган Windward Maritime AI компаниясы Ормуз кысыгында кемелерди багыттап турган навигациялык жана GPS системалары үзгүлтүккө учураганын маалымдады. Компаниянын маалыматы боюнча, миңден ашык кеме координаттарын жоготуп, кысыкта топтолгон танкерлер ары-бери сүзө баштаганы байкалган (https://azertag.az/ru/xeber/krupnye_neftyanye_tankery_menyayut_marshruty_chtoby_oboiti_ormuzskii_proliv-3624895 ж.б.). Кемелерди автоматтык түрдө идентификациялоочу AIS системасы Ормуз кысыгындагы айрым кемелердин жайгашкан жерин адаштырып, кай бирлерин Оман чөлүндө, башкаларын Ирандын портторунда же Дубайдын жанында токтоп турат деп көрсөткөн.
Кечээ АКШ президенти Трамп Иран менен Израил ок атышууну токтотууга макул болушканын билдирди. Эки тарап тең мындай маалыматты четке каккан жок. Боосу бекем болсун. Жакынкы Чыгыштагы согуштун жалпы адамзатка кесепети зор. Демек дүйнө мамлекеттери биригип, тынчтыкты орнотууга жапырт киришкени оң.