Башкы беткеСаясат жана коомКоомМотоцикл айдоочуларына жоопкерчилик күчөтүлөт

Мотоцикл айдоочуларына жоопкерчилик күчөтүлөт

Бишкекте жыл башынан бери 700дөн ашуун мотоцикл айып короого токтотулду. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматынан кабарлашты.

«Элге тынчтык бербей, катуу үн чыгарып, кошумча жабдыктарды орнотуп алган мотоскутерлерге карата рейд жүрүп, жыл башынан бери 700дөн ашууну айып короого токтотулду. Жакында 50 кубга чейинки мопед жана мотоскутерлер үчүн «М» категориядагы айдоочулук күбөлүк киргизилип, аталган транспорттор каттоого алынып, жоопкерчилик күчөтүлөт», — деп айтылган маалыматта.

Мекеме тийиштүү мыйзам долбоору мамлекеттик кызматтар менен макулдашылып жатканын белгилеп, жол эрежесин бузган мотоцикл айдоочуларын көргөндөрдү 0777 102 102 Whats App номерине жөнөтүп коюуну өтүндү.

Буга чейин бул маселе Жогорку Кеңештин жыйынында да көтөрүлүп, төрага Нурланбек Тургунбек уулу ички иштер министрин жана шаар мэрин скутерлер менен мопеддердин башаламан колдонулушун көзөмөлгө алууга чакырган.

Гезит

Мукай Элебаев Күндөлүктөн чыккан үн

Убакыт сынаган өмүр жана доор     Быйыл кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин туулганына 120 жыл толот. Бүгүн ал биз менен түз сүйлөшө албайт, бирок анын ой-пикирлери,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар