30-июндан 9-июлга чейин дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн чогулган 35 журналист Жуңго Эл Республикасынын Шинжаң-Уйгур автоном районунун Үрүмчү, Кашкар, Турпан шаарларында болуп, эски шаарларынын урандыларын тарыхый эстеликке айланткан ажайып жайлары, миң кылым карыткан үңкүрлөрү, улуттук аспаптар айылдары, улуттук этнографиялык музейлери, шалы, пахта талаалары, заманбап индустриалдык жана биотехникалык, интеллектуалдык техникалар компанияларынын ишмердиги менен таанышып кайтышты.
Алардын катарында сиздердин сүйүктүү «Кыргыз Туусу» гезитинин маданият бөлүмүнүн башчысы Болотбек Таштаналиев да болду. Анда кеп кабарчыбызда.
«Дарга» асылган шараптар
– Кай жерден орундук каалайсыз?
– Мүмкүн болсо, иллюминатор тарабынан болсо…
«Манас» эл аралык аэропортунун кой көз бийкечтери менин оюмду окуп алгандай, орунду иллюминатор тараптан бергенине ичимден ыраазы боло, алкышымды айтып, жүгүмдү калтырып, текшерүүдөн өтүп, учуу залына өттүм.
Зал дээрлик жымжырт. Бишкек – Үрүмчү багытына учуучу жүргүнчүлөр менен кошо Бишкек-Москва багытына учуучу жүргүнчүлөр да залга бирин-экинден келе баштады.
Самолет саат 9.40та учат. Дагы эки саат убакыт бар. Залдын ар кайсы жериндеги бутиктердеги сатуучу кыздар таңкы уйкуга мас болуп, үргүлөй, эрине кыймылдашат. Тигинде арактарды өйдөгө, «дарга» асып койгондой асып коюшкан экен. Канча адамдын убалына калды бу оңбогурлар. Дагы канчалардын убалына калат. Адам тагдырын жайраган акыл-эсти туткундаган бу азгырыктарды Шералынын чокоюндай минтип рекламалоо канчалык зарыл? Үрүмчүдө Кашкарда, Турпанда мындай ээнбаш жорук-жосун көрө алганым жок.
Иллюминатордун жанынан орун…
Орундук самолеттун сол канатынын алдыңкы тушуна туура келген экен, күн чыгыш тарапка көздөп, асманга көтөрүлө бергенибизде кызыл, сары болуп жайкалган эгин айдалган Сары Өзөн Чүйдүн талаалары таң эртеңдеги күнгө чагылыша алтындай жылтылдап көзгө сүйкүм көрүнүп, көңүлдү топук кылат. Анын жанында дыйкандын колунан куду көркөм картинадай көрккө келген жашыл тилкелер жайкалат. Жайдак калган талаа, бозоруп жаткан бош аңыздар дээрлик жокко эсе. Ийрелеңдеп аккан Чүй суусу, тасмадай сызылган жолдо ары-бери аккан машиналар жашоонун кайнап жатканынан кабарлагандай.
А андан тигинде көз жетпеген сары талаалар Казакстандын айдоо жерлери деп болжосо болчудай. Эмнеге дегенде бизде анчалык кенен талаа жок. А Казакстанда айылдар бири-биринен өтө алыс жайгашкан да, айдоо талаалары биздегидей майда үлүштөргө бөлүнгөн эмес. Кордойдун чыгышы менен батышы эгин талаалары болуп кетет да, ал талаалардан ары суу жетпеген бозоргон эле бопбоз адырлар.
Самолет бир аз учкандан кийин эле булуттардын үстүнө көтөрүлүп, жер көрүнбөй калды.
Ысык-Көлдүн үстүнөн учсак, ажайып көлүбүз кандай көрүнөр экен деп, орунду иллюминатор тараптан алганымдын бир себеби ошол эле. Болуптур, эми кайтып келаткан жолдо көлдү көргөнгө мүмкүнчүлүгүм болоор деп ойлогом, кийин сапар карып кайтып келатканда да, Кыргызстан менен Казакстандын асманын булут каптап, түнөрүп турган экен, көлдү көрүүгө анда да мүмкүнчүлүк болгон жок. Кудай аманчылык берсе, дагы бир жолкусунда болуп калаар. Бул илгери
үмүт…

Эс тутумдагы эн белги
Бишкек – Үрүмчү багытындагы самолеттун кайсы маршрут менен учарын көрсөткөн гугл картада самолет Ысык-Көлдүн түндүгү менен учары белгиленген. Аттигиниң, кыргыз Ала-Тоо кыркалары да алысыраак самолеттун түштүк тарабында кала бергенин карачы. Болбосо айтылуу Бедел ашуусу көрүнмөк. Улуу Үркүндө кыргыздар жөө-жалаңдап Үрүмчү, Турпан, Кашкарга ашкан Бедел ашуусун айтам. Ашуу иллюминатор тиктеген адамдын көз кырынан алыс кала берет көрүнөт.
Кайран эл… өлгөндөн калганы Үрүмчүгө жеткен. Бир бөлүгү Кашкарга кетсе, аз бөлүгү Турпанга барып баш калкалап, өлбөстүн күнүн көргөн. Эл тагдыры бар болуу менен жок болуунун тараза ташында турганда Шинжаң жергеси кыргыздардын башына калканч болуп, жээрине нан, ичерине суу берип аман алып алган.
Үрүмчүгө учуп бараткан аба жолунда муну эстебей коюуга мүмкүн эмес. Үркүндү жүрөгү таш, акылы мерез адам гана эстебей коюшу ыктымал.
Шинжаңда жүргөн ар бир күнү мындан 100 жылдан мурда болгон кыргыз элинин башына түшкөн алааматты, кайгылуу окуяны эстебей кое албадым. Кашкардын, Турпандын, Үрүмчүнүн тоолорунан ата-бабалардын катып калган элестери мени карап тургандай болуп, улам бир жалт каратып, селт эттирип жатты.
Турпандан Үрүмчүгө тез ылдамдыкта жүрүүчү поезд менен келатканда да ушул бүгүн кылкылдап жел электр станцияларынын мамылары жайнаган боз адырлардан карышкыр жеп кеткен Ажарды көргөндөй болдум. Бул кийин-кийин…
Тоолор… тоолор… үйлөр
Бир сааттан узагыраак учкандан кийин булуттар сээлдеп күн ачылып кетти. Ылдыйдатан тоолор көрүндү. Айрымдарынын чокуларын ак кар баскан. Ар кайсы жерде учтары булут челген аскалар, жапызыраактагы жашыл майсаңдар, кокту-колоттор, сайларда агып жаткан суулар улам даана ажырымдалып, самолеттун ылдыйлап баратканы байкалып баратты.
Бир маалда стюардессанын жагымдуу үнү угулуп, Үрүмчүгө 10-15 мүнөттөн кийин жетерибизди кабарлады. Самолет улам аз-аздан ылдыйлап, оо бир топтон кийин бөксө тоолор, адырлар жана алардын арасындагы ойдуңдарда учтары көк челген көп кабаттуу бийик үйлөрдүн шоңшойгон учтары көзгө урунду. Куду тоо баштарындагы аскалардай. Бири-биринен алыс аралыкта жайгашкан бул кичирайондор Үрүмчү шаарынын узун-туурасынан кабарлап тургандай. Беш миллионго жакын киши жашаган шаардын бир учунан экинчи учуна карап болгуча көз талыгат. Тиги башы менен бу башы аламан байгеге ат чабым жердей. Чоң шаар экен деп койдум. Үрүмчүгө катташкандар акыркы 20-30 жылда Үрүмчү болуп көрбөгөндөй өзгөрдү. Шаарда ар кайсы жеринде курулуштар жүрүп, улам жаңы кичи райондор салынып жатыптыр дегендерин уккам.
Театр кийим илгичтен, шаар аэропорттон башталат…
Кайсы гана шаар болбосун, анын визиттик карточкасы – бул аэропорт. Театр – кийим илгичтен, шаар – аэропорттон башталат… Шаардын канчалык чоң же кичине экенин аэропортунан билсе болот. Жаңылбасам, Үрүмчүдөгү Дивопу эл аралык аэропортунун учуп-конуучу тилкеси үч-төрт катар өңдөндү. Биздин самолет конуп жатканда аэропорттун учуучу тилкесинде бизден аз мурда келген самолет жүргүнчүлөрдү түшүрүү үчүн аэропорттун имаратына багыт алса, дагы эки самолет учканы камданып ордунан козголо баштаптыр.
Сиздерге калп, мага чын, Үрүмчүдөгү аэропорттун бир залы эле тай чабымдай аралык экен.
Мындан көп жыл илгери Ататүрк атындагы Стамбул аэропорту аркылуу Кувейтке учуп баратып, андай чоң аэропортту көрбөгөн жаныбыз адашып кеткен жайыбыз бар. Анда Кыргызстандан бир нече журналист бар элек. Бу жолу өзүм жалгыз адашып кетпейминби деген жүрөксүү да пайда болбой койбоду. Бирок чочулаган жокмун. Стамбул аэропортундагыдай кыжылдаган эл жок, кайда басып, кай багытка бара турганың бут алдыңдагы, дубалдарда бир жакка багытталган сызыктар көрсөтүп турат.
Текшерүүлөрдөн өтүп, жүгүбүздү алып, эми мына шаарга чыга бериште ханзу тилинде сүйлөгөн жаш кыз атайы жазууну кармап чыдамсыздык менен эки жакты элеңдей карап күтүп отурган экен. Түз эле ага басып барып, башымды ийкеп учурашсам, ал да «Нихао» деп жароокер жылмайып, өзүн орусча ысым менен тааныштырды.
Жолдор…
Самолет келип конгондо эле дароо көзгө урунганы тасмадай болгон учуучу-конуучу тилке болгон дебедимби. Жөн эле мелтирейт. Тилкеге кандай курулуш материалы төшөлгөнүн ажырата албадым. Асфальт дейин десем, бозомук. Эмнеси болсо да бекем экени эч талаш жаратпайт.
Антип аэропорттун жол тилкесине таңгалып бүткүчө, аэропорттон чыгып эле, туннелге кирдик. Ичи күндүзгүдөй жаркырайт. Баягы эле тасмадай жол, кай багытка барарыңды көрсөткөн түз сызыктар, жол белгилери, куду кечээ эле мен бараардын алдында ишке берилгендей. Туннель менен аз жүрдүкпү, көп жүрдүкпү, төрт тилкелүү жолго чыктык. Мелтирейт. Жол менен кошо жарышкан бактар, майда бадалдар жакшы бакчачынын колуна тийип, убагында өөнөлүп-буталып, жөн эле тегизделип койбостон, атайы эстетикалык кооздук берилип буталып, убагында сугарылып турганынан кабарлайт.
Ханзу элинин майрамдарынын, ийгиликтеринин жана гүлдөп өнүгүүсүнүн символу болгон кызыл чырак жол боюнда тигилген кызыл-тазыл гүлдөрдүн түсү менен аралашып, жагымдуу маанайды жаратат.
Шинжаңдын үч шаарын: Үрүмчү, Кашкар, Турпанды кызыл чыраксыз элестетүү мүмкүн эмес. Ал кооздук үчүн гана илинген эмес, кечки шаарга бөтөнчө көрк, маанай тартуулап турат.
Үрүмчүнүн кенен көчөлөрүнө, түз сызыктай чоң жолдоруна таң калбай коюуга мүмкүн эмес. Аэропорттон Кунлун отелине чейин 14-17 чакырым жер экен, бир да тыгынга учурабай, 15-20 мүнөттүн ичинде жеттик. Жолду ката жол чырактарга токтодукпу, эсимде жок. Балким, жолдо кезиксе кезиккендир, болсо да 14-17 чакырым 3 же 4 жеринде болсо керек.
Кенен көчөлөр, бир тарапка эле кеткен төрт тилке жолдор, чоң көчөлөрдүн кесилиштерине салынган, шаар сыртына алып чыгуучу үч-төрт кабат жолдор бери дегенде эле 50-100 жылга эсептелип салынганы көрүнүп турат.
Үрүмчүдө болобу, Кашкардабы, Турпандабы айдоочулар унааларын жол боюна токтотпойт экен. Токтотпогон соң, бул жол кыймылына тоскоолдук жаралып, авариялык кырдаал жаралбайт деген сөз да. Эгер сен соода борборуна келдиңби, унааңды анын алдына гана токтотосуң. Отелге келдиңби, сенин унааңдын орду ошерде. А көчөнүн боюнда сага орун жок. Жол кыймылына тос-коол жаратпашың керек. Бул жазылбаган мыйзам дешти.
Үрүмчүдөн көп көрө алган жокмун, Кашкарда чакан жүк салуучу «муравейниктерди» көп колдонушат окшоду. Анан эмне көп – мотороллерлер. Алар үчүн тротуар менен катар атайы жол салыныптыр. Тротуар – мотороллер, муравейник жолунан 20 см.га өйдө. Жөө адам качан келип, муравейник же мотороллер коюп кетет, же качан астымдан чыга калат деп, эч качан чочулабайт. Баары ойлонулган. Машина токтотуучу жайлар мына ошондон кийин гана имараттардын эшик алдында. Мындан улам, жол боюндагы имараттар кимге, кайсы мекемеге таандык болсо, алар курулуш куруп жатканда, унаа токтотуучу жайды эске алуу менен долбоор чийдирет болсо керек деп ойлоп койдум.
Жол чырактар, гүлдөр, бактар, гүлбакчалар…
Үрүмчү, Турпан болобу, же Кашкар болобу, ар бир 50 метр сайын жол чырак кездештире бербейсиң. Бул жакта кыймылдын агымына тоскоолдук жаратат деп жол чыракты азыраак коеру байкалат. Ойгелди эле кое беришпейт. Жол чырактар сейрек кездешсе да, көчө бойлото жол менен жарыша тигилип, бакчачынын камкордугуна алынган бак-дарактар, майда бадалдар жана гүлдөр, жолдордун кесилишиндеги гүл бакчалар кездешпеген жер аз.
Үч шаар да жашыл шаар, жашыл болгондо да кандай. Бак-дарактуу жашыл тилкелер жол менен жарышып жүрүп отурат. Кай жакка барба, кай жакка баспа, бак-дарактар сени узатып коет. Кара жыгач сыяктуу бакты бутап, тегиздеп, козу карынга окшоштуруп койгон. Жапалак арчаларды «живой изгороддун» ордуна отургузушкан. Имараттын алды гүлдөргө толгон. Аны да эринбей кооздоп чыгышкан. Буталбаган, бири-бирине окшоштурулуп жонулбаган арчалар жок.
Отель болобу, супермаркетпи, окуу жайбы, бизнес компаниясыбы, тегерек-чети чакан гүлбакчаны элестетет. Эмнесин айтасыз, жадагалса дааратканасында гүл өсүп, андан-мындан сизди тиктеп турат.
Жолдордун кесилиштериндеги, айрылышындагы бошураак жерлерди гүлбакчага айландырып салышкан. Үрүмчү да, Кашкар да жашыл шаар экен. Турпан деле берки шаарлардан жашылдыгы боюнча кем калышпайт. Кайда болбосун, тамчылатып сугаруу системасы жеткен. Эртең менен кечинде бакчачылар саатына саат, мүнөтүнө мүнөт эч кечиктирбей сугарып, суу кандай жетип, сууну кана ичип жатабы, көзөмөлдөп турганына өз көзүбүз менен күбө болдук. Бир да куураган гүл же чөп, саргарган жалбырак көрбөйсүң. Аз-маз саргайса, же куураса +50тан ашкан Турпанда саргарган жалбырак көрмөкпүз. Тескерисинче, Турпандын какыраган талаасына чейин канча бир чакырым жол жүрүп, жолду ката куураган гүл, саргарган жалбырак көрбөдүк.
Асман мелжиген үйлөр…
Кашкар менен Турпандан Үрүм-чүдөгүдөй бою 35-40 кабатка жеткен үйлөрдү дээрлик кездештире бербейсиң. Үрүмчүдөн тигинден-мындан көк мелжиген үйлөрдү көп кездештиресиң.
Үрүмчү 7 район, 1 уездден турат. Райондорду бири-биринен үйлөрдүн архитектурасына жана түсүнө жараша ажыратса болот. Айнектелген өзгөчө дизайн менен курулган үйлөр шаардын борбордук административдик-маданий бөлүгүнөн орун алгандай. Ал эми 35-40 кабат үйлөр турак-жай райондору десек болот. Бирок, кайсы район болбосун жолдор кенен, эң башкысы бир типте курулган көп кабат үйлөрдүн аралыктары алыс. Үйлөр бири-биринен алыс түшкөн. Үйлөр канчалык бийик болбосун, биринен түшкөн көлөкө экинчисинен жарыкты тоспойт. Боегу кургай элек 35-40 кабат үйлөр бири-бирине окшоштугу менен ошол кичирайонго өзгөчө облик берип, башка кичирайондордон айырмалап турат.
Үрүмчү соңку 30 жылда кайрадан курулган сыяктуу. Антсе да шаардын борбордук бөлүгүндөгү мурдагы үйлөр кала берген. Ал үйлөрдүн деле 10 кабаттан төмөнү жок. Үрүмчүгө мүнөздүү эки-үч кабат жолдор ошол он кабат үйлөрдүн жанынан өткөн жерлерде он кабат үйүң деле кичирейип, жапыздай сезилет.
(Уландысы бар)

Болотбек Таштаналиев,
«Кыргыз Туусу»

