whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
11.11.2025
-0.9 C
Бишкек
Башкы беткеАктуалдуу маекАктан Арым Кубат: “Ажар” кинотасмасын тартабыз деген үмүтүбүз бар”

Актан Арым Кубат: “Ажар” кинотасмасын тартабыз деген үмүтүбүз бар”

Буга чейин мыкты тасмаларды жаратып, кино жаатындагы 50гө жакын эл аралык сыйлыктарга татыктуу болгон  КРнын эл артисти, белгилүү кинорежиссёр, продюсер, КРнын Улуттук киноакадемиясынын академиги Актан Арым Кубаттын жакында “Кара. Кызыл. Сары” толук метраждуу тасмасы 27-Шанхай эларалык кинофестивалында “Эң мыкты тасма” сыйлыгына татыктуу болду. Өзүнүн кичи мекени Сокулук районунун Күн Туу айылында жашап, дүйнө эли таасирленген мыкты тасмаларды жараткан сүрөткер инсанды мейманга чакырып кенен маек курдук.

– Актёр, режиссёр, сценарист, “Селкинчек”, “Бешкемпир, “Маймыл”, тасмаларында башкы ролдорду ойногон уулуңуз Мирлан Абдыкалыков журналистика факультетин аяктаган экен. Анын кино жаатына ооп кетиши сиздин таасириңизден уламбы же өзүнүн каалоосу менен болдубу?

– Менин эки кызым, бир уулум бар. Мирлан ортончусу. Аларга мен “Андай бол, мындай бол” деп бир нерсени таңуулабайм. Мирландын киночу болуп калганынын себеби, ал “Жолбун итти” тартып жатканда бир кадрга илинип калган. Ошондон тарта эле кичинекей бала керек болсо Мирланды тарта берчүмүн, бирок, анын талантын байкаган эмесмин. Көрсө анын органикасы, таланты бар экен. Органика дегеним, кээ бирөөнү тартып жатканда билинбейт, тартып бүткөндө анын ролдо ойнобой жашаганын көрөсүң. Ал мен айткан майда ролдорду ойдогудай аткарып жүрүп олуттуу ролу “Селкинчектеги” бала болду. Бул ролго ылайык келчү баланы көпкө издедик. Мирлан башкалардай эле кинопробадан өттү. “Маек” студиясы тасмада продюсер болгондуктан алар да балдарды сындан өткөрүштү. Акыры баары Мирланга токтошуп, ал тартылып калды.

Тартуу учурунда ири план кылып, баланы ыйлаталы деп калышты. Хасан Кыдыралиев “Мирлан ыйлай алабы, репетиция кылдыңбы?” деди. Баланы кантип ыйла деп репетиция кылмак элем. “Ыйлайт болуш керек” дедим. Себеби, ал кезде кинонун баа-ры плёнкага тартылгандыктан каражатты үнөмдөш үчүн 3-4 дубль менен тартканга аракет кылчубуз. Камера, тартчулар даяр болгондо “Мирлан мамаңды сагындыңбы?” десем эле ыйлап жиберсе болобу. Дароо тартып алдык. “Селкинчек” тартылган соң телевидениеден келгендер Мирландан кыс-кача интервью алышып, “Чоңойгондо ким болосуң?” – деп сурашса, ал “Койчу” болом деп жооп бериптир. Автобуска түшсөм эле айылдаштардын баары: “Балаң бизди койчу болом деп уят кылды. Жакшылап үйрөтүп койбойсуңбу”, – дешет. “Эми бала каалаганын айтат да, анын эмнеси бар?” – дедим. Киностудияга келсем тескерисинче жоро-жолдоштун баары “Ой, какой у тебя самос-тоятельный сын!”, – деп макташты.

Кийин психология илимдеринин кандидаты Автандил Абдикулов деген досум экөөбүз “Бешкемпирдин” сценарийин жазып калдык. Ошондо эле бизге “Бешкемпирди” Мирлан ойношу керектиги белгилүү болуп калды. Кийин “Маймылды” тарттык. Ошентип балам 9 жашынан 17 жашына чейин ролдорго тартылып, калыптанар убагында кино менен тыгыз байланышта болуп калды. Байкасам ал режиссёр болом деп умтулуп калыптыр. Москвага ВГИКке жиберейин десем ал убакта шарт болбой калды. Кийин өзү да ал жактан баш тартты. Анан киного, чыгармачылыкка жакыныраак деп журна-
листиканы окуттук. Окуусун бүтүп “Свет акени”, “Кентаврды” тартып жатканымда менде экинчи режиссёр, ассистент болуп жүрдү. Кийин “Сүтак” киносу менен дебьют кылып, көптөгөн сыйлыктарды алды. Андан соң даректүү тасмаларды, сериалдарды тартып жүрүп такшалды. Кийин “Жөө күлүк”, “Кыз ала качууну” тартты. Кыскасы, учурда Мирлан Кыргызстандагы тажрыйбалуу режиссёрлордун бири десем жаңылбайм.

– Ар бир чыгармачыл адамдын көкүрөгүндө бир улуу максат болот. Сизде алдыда дагы кандай бийик максаттар бар?

– Биз азыр Касымалы Баялиновдун “Ажар” повестин Мирлан экөөбүз тартсакпы деп тилек кылып жатабыз. Илгери көп үйлөрдө телевизор жок болгондуктан айылдыктардын басымдуу бөлүгү радио угушчу. “Ажар” радиоаңгемеси улам берилип, аны уккандар дайыма ыйлашчу. Анан бир жылы мен ВГИКке тапшырам деп калып, кийин режиссёр болсоң кайсы кинону тартасың?” – деген суроосуна “Ажарды тартам” деп жазыптырмын. Кийин анымды эстен чыгарып койгом. Анан акыркы жылдардагы дүйнө жүзүндө болуп жаткан согуштар бул тасманы тартууга мага түрткү бердиби, айтор, бул темага кайра кайрылдым. Себеби, дүйнө жүзүндөгү эң баалуу нерсе бул – адам өмүрү. Кандай адам болбо сенин өмүрүңдү Кудайдан башка эч ким ала албайт. Үркүн убагында болсо 100 миңге жакын кыргыз өлгөн деген божомолдуу маалыматтар бар. “Ажар” ошол окуянын бир бөлүгүн чагылдырган көрүнүктүү чыгарма. Ал тасманын сценарийин Марат Алыкулов, Арслан Койчиев, мен үчөөбүз жаздык. Буга чейин Үркүн тууралуу жаш балдар тартышып, аракет кылышыптыр, бирок, ал менин купулума анчейин толгон жок. Чынында Үркүн окуясын толук ачып берген азырынча тасма жок. Буюрса “Ажар” тартылып калса өтө чоң, көрүмдүү, Кыргызстанды дүйнөгө дагы бир жолу тааныта турган жакшы чыгарма болуп калабы деген үмүтүбүз бар. Анткени бул кыргыз эли үчүн улуу трагедия. Муну тартууга көп каражат, даярдык керек. Андыктан буга жеке ишкерлер, мамлекет каражат жагынан жардам берет деген илгери үмүт бар.

– Чыгармачыл адам менен жашоо оңой эмес. 46 жылдан бери сиз менен жашап келаткан Айчүрөк эже да кинонун далай кыйынчылыгын тартса керек…

– Ал “Мен болбосом сен режиссёр болбойт элең” деп тамашалап калат. Анткени мен киностудияга сүрөтчү болуп киргенден баштап тынымсыз эле иш сапарларда жүрдүм. Ал убакта бир үйдө улгайып калган атам, апам, байкем, жеңем, алардын балдары жана биз чогуу жашачубуз. Келин болгондуктан түйшүктүн баары Айчүрөккө түштү. Мен кинолоп кеткенде өзүнүн, менин туугандарымдын алыш-катышын да жубайым тескеп жүрдү. Атам 72ке чыкканда инсульт болуп, бир капталы иштебей бир жылдай жатып калды. Анда да атамды жакшы карап, байке, жеңем менен бирге багышты. Кийин улгайган апамды да жакшы асырады. Кыскасы, мен эл артисти болсом, Айчүрөк аялдык парзын мыкты аткарган элдик баатыр аял болду. Мага келген жоро-жолдоштордун, чет өлкөлүктөрдүн баары Айчүрөктүн ашканасынан чыккан тамактарды жакшы көрүшөт. Калыс катары сыртка чыгып калганымда, башка учурларда да дайыма жанымда жүрөт. Бүгүн түгөйүм өз эмгегинин үзүрүн көрүп, тасмаларыбызга сүйүнүп жүрөт. Жубайымдан сырткары биздин чыгармачылыгыбыздын өнүгүшүнө менин, Мирландын кинолорунда продюсер болуп жүргөн келинибиздин салымы зор. Келиним тасма тартууга инвестиция тартып, аны жайылтууда чоң тажрыйбасы, эмгеги бар.

– Актан агай, сиз ата-энеңизден калган, ата-бабалар колдонгон, айрым тасмаларыңызда тартылып калган раритет буюмдарды чогултуп “Актандын өнөр өргөсү” деген өнөрканаңызды ачканыңызды билебиз…

– Өзүм сүрөтчү болгондуктан буюмдарга жакшы маани берем. Кинолорумда буюм аркылуу да көп нерсени айтканга аракет кылам. Андай буюмдарды кинодо реквизит деп коёт. Анан улам бир тасмадан реквизиттер кала берчү. Мирлан экөөбүз ошолорду бир жерге топтосокпу деп сүйлөшүп калдык. Анан бирден-экиден буюм чогултуп отуруп унаа токтотуучу жайыбызды “Артрезиденция Актана” деп ачмай болдук. Кийин кыргызчалап “Актандын өнөр өргөсү” деп атадык.  Минтип ачып калышбызга “Маймылга” авторлош болуп калган белгилүү италиялык драматург Тонино Гуэрранын үйүндөгү эски буюмдар музейчесин көрүп калганым да себепчи болду. Азыр өнөр өргө десең түшүнүшпөйт экен, ошондуктан Актандын кино музейи десем жакшы түшүнүшөт. Муну ачканымдын дагы бир себеби, чет өлкөлөр мени тааныганы менен өзүмдүн айылдаштарым мени жакшы түшүнүп, биле беришпейт экен. Ошону эске алып алган сыйлыктарымды, тарыхый буюмдарымды, тасмага түшкөн реквизиттерди, сүрөттөрдү чогултуп бир аянтча кылып койдум. Бул жерге айылдаштарым, киночулар, кызыккандар, алыстан келгендер, студенттер келип-кетип турушат. Келгендер чыгармачылыгым менен кошо жеке жашоом менен таанышып кетишет. Ушинтип отуруп келечекте бул жер туристтик аянтчага да айланып калышы ыктымал.

– Асылбек Өзүбековдун  “Кино, кино, кыйноо тартып, Жүгүрөмүн жүрөк жанчып” деп ырдаганындай ушуга чейин 9 чоң кино тартып, 50дөй эл аралык сыйлыкка ээ болупсуз. Кино тартууда кыйноо тартып жүрүп чарчаган жоксузбу?

– Чынында кино тартуу – бул кыйноо тартуу. Бирок, киноң жакшы чыкса бардык кыйынчылыктарды унутасың. Сыйлык алганда кайрадан кубат, шык, дем алып, дагы тартсам деп умтула баштайсың. Анын үстүнө чыгармачылык Кудайдан берилген чымын, касиет болгондуктан алар сени тим койбойт экен. Анан бирөөлөр мал багып, жер иштетип жан баккандай кино тартуу менин негизги жумушум да болуп калды. Айчүрөк айткандай, кинодон айланайын. Кино аркылуу кадыр-баркка жетип, оокат кылып, агарып-көгөрүп жатабыз. Кино бул менин өмүрүм, жашоом десем да болот. Кыскасы, кандай жашасам ошондой тасма тартып, кандай кино тартсам ошондой жашаганга аракет кылып келатам.

Мелис СОВЕТ уулу,
«Кыргыз Туусу»

Гезит

Диана Талгартбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар