whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
20.01.2026
-12.9 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомСадыр Жапаров Эмомали Рахмон менен тет-а-тет форматында жолугушту

Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен тет-а-тет форматында жолугушту

Президент Садыр Жапаров  8-июлда Тажикстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен тет-а-тет форматында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Тараптар эки жактуу өз ара аракеттенүүнүн кеңири чөйрөсү боюнча актуалдуу маселелерди, анын ичинде айрым райондордо социалдык инфраструктураны өнүктүрүү жана көп тараптуу аянтчаларда кызматташтыкты чыңдоо маселелерин талкуулашты. Чек ара аймактарынын тургундары үчүн кызыкчылык туудурган маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.

Тажикстандын лидери эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштардын динамикалуу өнүгүшүн да белгиледи. Ал коопсуздук тармагында тыгыз кызматташуунун маанилүүлүгүнө токтолуп, кыргызстандык кесиптеши менен эки тараптуу өнөктөштүктүн учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле актуалдуу эл аралык жана регионалдык маселелерди талкуулоого даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде президент Садыр Жапаров Тажикстанга мамлекеттик сапар менен келип кетүүгө чакыруу жана боордош тажик элинин жылуу, меймандос тосуп алуусу үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процессинин аякташы эки өлкөнүн гана эмес, бүтүндөй региондун коопсуздугун жана туруктуулугун бекемдөөчү маанилүү кадам болгонун өзгөчө белгиледи.

Мамлекет башчысы калган тилкелерди демаркациялоо процесси жакынкы аралыкта макулдашылган графикке ылайык аяктайт деген ишенимин билдирди.

Тараптар бардык орчундуу маселелерди талкуулап, кыргыз-тажик кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттарын аныктай турган мазмундуу жана конструктивдүү сүйлөшүүлөргө ишеним артарын баса белгиледи.

Тет-а-тет форматындагы жолугушуудан кийин Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон сүйлөшүүлөрдү кеңейтилген форматта улантышат.

Гезит

Бактысын гүлдөн тапкан Гүлмайрам

               Каарманыбыз Гүлмайрам Карабаева эженин гүлгө болгон кызыгуусу балалыктан башталган. Ошондон тарта анын кызыгуусу өчкөн жок. Тескерисинче өсүп,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар