whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
09.11.2025
7.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүү"Жердин үнү": Дүйнөлүк коомчулукту туруктуулукка чакыруу

«Жердин үнү»: Дүйнөлүк коомчулукту туруктуулукка чакыруу

Эл аралык Жер-Эне күнүнө карата Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы Туруктуу өкүлчүлүгү “Жердин Үнү” аттуу көргөзмөнүн ачылышын өткөрдү. Бул тууралуу Кыргызстандын ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, көргөзмөдө Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген жаш сүрөтчүлөр жана алардын устаттары тарабынан тартылган чыгармачылык иштер сунушталып, алар аркылуу климаттын өзгөрүшү, туруктуу өнүгүү жана тынчтыктын өз ара байланышы чагылдырылды.

Иш-чаранын максаты — жаратылышты коргоо, экологиялык көйгөйлөргө көңүл буруу жана дүйнөлүк коомчулукту туруктуулукка чакыруу экендиги айтылды.

Кыргызстандын БУУдагы Туруктуу өкүлү Аида Касымалиева жаратылыш жана келечек муундар алдындагы жамааттык жоопкерчиликтин маанисине токтолду. Ал белгилегендей, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, айлана-чөйрөнү булгоого каршы аракеттерди күчөтүү жана жетиштүү каржылоону камсыз кылуу — планетанын келечеги үчүн маанилүү кадамдар.

Эске салсак, Кыргызстанда тоо экосистемаларын коргоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана “жашыл” экономикага өтүү багытында бир нече мамлекеттик программалар ишке ашырылууда.

Гезит

Диана Талгарбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар