Башкы беткеСоциалдык“Түндүк” тиркемеси жана порталы убактылуу иштебейт

“Түндүк” тиркемеси жана порталы убактылуу иштебейт

Мамлекеттик электрондук “Түндүк” порталы жарандарды пландуу техникалык иштер тууралуу эскертти. Чектөөлөр мобилдик тиркемеге жана мамлекеттик электрондук кызматтар порталына тиешелүү болот.

Маалыматка ылайык, техникалык иштер 17-апрелде саат 20:00дө башталып, 18-апрелде саат 12:00гө чейин уланат.

Бул аралыкта бардык мамлекеттик санариптик кызматтар жана сервистер убактылуу жеткиликсиз болот.

Ошол эле учурда тиркемедеги санариптик документтер бөлүмү иштей берет. Паспорт, айдоочулук күбөлүк жана башка документтер кадимки тартипте жеткиликтүү болот.

Адистер жарандарга керектүү маалымкаттарды жана документтерди алдын ала алып коюуну сунушташты.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар