Башкы беткеМаанилүүКыргызстан деңиз аркылуу соода жүргүзүү үчүн мыйзамдарын жаңылоодо

Кыргызстан деңиз аркылуу соода жүргүзүү үчүн мыйзамдарын жаңылоодо

 Кыргызстанда деңиз аркылуу жүк ташууну жөнгө салуучу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Документ эл аралык стандарттарга ылайык иштелип чыгып, өлкөдө Соода флотун түзүүгө жол ачмакчы.

Эскерте кетсек, Кыргызстан былтыр Эл аралык деңиз уюмуна мүчө болгон. Бирок суу аркылуу соода жүргүзүүдө дүйнөлүк процесстерге кошулуу үчүн улуттук мыйзамдарды эл аралык нормаларга шайкеш келтирүү зарыл. Дал ушул маселелер жаңы кодексте камтылган.

Мыйзам долбоору деңиз аркылуу жүк ташуу, камсыздандыруу, транспорттук акы тартибин тактоону көздөйт. Мындан тышкары, башка өлкөлөрдүн кемелерин каттап, аларга Кыргызстандын мыйзамдарынын негизинде жүрүүгө шарт түзүү мүмкүнчүлүгүн да карайт.

“Документ эл аралык стандарттарды ишке ашырууну камсыз кылат. Ошондой эле Кыргызстандын мамлекеттик желеги астында кемелерди каттоо үчүн юрисдикция катары ыңгайлуулугун жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат”, — деп негиздеме документинде белгиленген.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар