Башкы беткеСаясат жана коомКоомОкуучулар буллинге каршы уюлдук тиркеме иштеп чыгышты

Окуучулар буллинге каршы уюлдук тиркеме иштеп чыгышты

29-апрелде Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева “Айчүрөк” кыздар лицейинин окуучуларын кабыл алып, алар иштеп чыккан “Стоп буллинг” уюлдук тиркемесин көрдү.

Маалыматка ылайык, жолугушууга 8-класстын окуучулары — Каныкей Чынгызова, Мунира Базлакунова жана Канзада Маташова келишкен.

Министр окуучулардын демилгесин жогору баалап, уюлдук тиркеменин маанилүүлүгүн белгилеп, аны мындан да өркүндөтүү боюнча өз сунуштарын бергени айтылды.

“Бул тиркемени Кыргызстандын бардык балдары колдоно алгыдай болушу керек. Кыргызча да, орусча да жеткиликтүү болушу зарыл. Тиркемеге кесиптик багыт берүү, министрлик тарабынан сунушталган акысыз курстар, квоталар жана Жалпы республикалык тестирлөөгө байланыштуу акысыз тесттер тууралуу маалыматтарды да киргизүүгө болот”, — деди министр.

Белгилей кетсек, “Стоп буллинг” уюлдук тиркемесинде төмөнкү функциялар камтылган:

Чукул жардам үчүн SOS баскычы;

Буллингге каршы ар түрдүү постерлер;

Психологдун жардамын сунуштаган чат-бот.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар