Башкы беткеМаанилүүМирзиёев Жапаровду кыргыз-тажик чек ара маселесинин чечилиши менен куттуктады

Мирзиёев Жапаровду кыргыз-тажик чек ара маселесинин чечилиши менен куттуктады

Кечээ, 18-мартта президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Мамлекет башчылары регионалдык кызматташуу маселелерин, ошондой эле Худжанд шаарында Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын мамлекет башчыларынын Эл аралык Нооруз майрамын майрамдоонун алкагында боло турган үч тараптуу саммитин талкуулашты.

Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровду кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоонун ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, бул региондогу туруктуулукту жана кызматташтыкты бекемдөө жолундагы маанилүү кадам экенин айтты.

Лидерлер буга чейин жетишилген келишимдерди тез арада ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирип, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы өнөктөштүктүн стратегиялык мүнөзүн баса белгилешти.

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар