whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
20.06.2025
21.7 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүАдылбек Касымалиев Өзгөндөгү бир катар объекттердин ачылышына катышты

Адылбек Касымалиев Өзгөндөгү бир катар объекттердин ачылышына катышты

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Өзгөн районундагы бир катар социалдык объекттердин жана заводдун ачылышына катышты. 

Алгач Адылбек Касымалиев Өзгөн шаарындагы капиталдык ремонттон өткөрүлүп, кеңейтилип, заманбап техникалык жабдуулар менен камсыздалып, жаңыланган “Айчүрөк” кинотеатрынын ачылыш аземине катышты.

“Өзгөн шаарындагы өзгөрүүлөр «Айчүрөк» кинотеатрынын жаңыланып ачылышы менен чектелбейт. Шаарда таза суу жана агынды суу системалары жаңыдан курулуп жатат. Мындан сырткары борбордук стадион курулууда. Шаардын жолдору дагы жаңыланып асфальт төшөлөт”, — деди МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев.

Белгилей кетсек, 1974-жылы курулган бул кинотеатрдын имараты капиталдык ремонтко жана заманбап техникалык жабдууларга муктаж болуп келген. Оңдоо иштери үчүн жергиликтүү бюджеттин, Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун, облустук өнүктүрүү фондунун эсебинен 38 млн сом каржыланды. Кинотеатр жалпы 350дөн ашуун орунга ылайыктуу.

Андан соң төрага, Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл аймагындагы 60 орундуу 3 кабаттуу жаңы оорукананын ачылыш аземине катышты. Курулуш иштери 2023-жылдын жай мезгилинде башталган оорукана бүгүн салтанаттуу пайдаланууга берилди.

Белгилей кетсек, оорукананы курууга мамлекеттик бюджеттин эсебинен 132 млн сом каржыланып, 21 млн сомго заманбап медициналык жабдыктар менен камсыздалды.

Мындан тышкары, Адылбек Касымалиев Өзгөн районунун Кароол айыл аймагындагы кыш чыгаруучу заводдун ачылышына катышты. Белгилей кетсек, бул завод үстүбүздөгү жылы ишке бериле турган 128 ишкананын бири.

“Ар бир жаран үйлүү болсо, деген Президенттин асыл тилегин ишке ашыруу максатында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталын көтөрдүк. Анын алкагында бир катар көп кабаттуу үйлөр салынып жатат. Буга кошумча биздин жарандар тапкан каражаттарын жеке үй салууга сарптап жатышат. Андыктан курулуш материалдарына болгон суроо-талап көп болууда. Бүгүнкү ишке киргизилип жаткан кыш заводу бул маселени чечүүгө өзүнүн салымын кошот”, — деди Адылбек Касымалиев.

Ишкананы курууга “Иман Билдинг» ЖЧКсы тарабынан 4 млн доллар каржыланды. Жалпы аянты 5,0 гектар жерге курулган заводдон күнүнө 120 миңдей сапаттуу кыш чыгарылып, мында жергиликтүү тургундар жумуш оруну менен камсыз болот.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар