Ирандын Fars жана Tasnim агенттиктеринин билдирүүсүнө ылайык, Перс булуңундагы беш мамлекет АКШга өз аймагын жана аба мейкиндигин Иранга каршы соккуларды жасоо үчүн пайдаланууга уруксат берген.
Маалыматка караганда, бул өлкөлөрдүн катарына Бахрейн, Катар, Кувейт, Бириккен Араб Эмираттары жана Сауд Арабиясы кирет.
Tasnim билдиргендей, америкалык аскерлер Иранга каршы ракеталык, авиациялык жана деңиз операцияларын жүргүзүүдө аталган өлкөлөрдүн аскердик базаларын, аймактык сууларын жана аба мейкиндигин колдонушкан.
2026-жылдын 24-мартында АКШ президенти Дональд Трамп журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Сауд Арабиясы Иранга каршы чабуулдарды улантууну колдоп жатканын тастыктаган. Ал ошондой эле мураскер ханзаада Мухаммед бин Салман “биз менен бирге күрөшүп жатат” деп билдирген.
Маалыматтарга ылайык, АКШ Иранга каршы чабуулдарда бул беш өлкөнүн аймагындагы жана андан тышкаркы аскердик базаларды кеңири пайдаланган.
Өз кезегинде Иран согуштун алгачкы күндөрүнөн тартып жооп иретинде аталган өлкөлөрдүн аймагындагы аскердик объектилерге сокку урган. Чабуулдарда Бириккен Араб Эмираттарыдагы Аль-Дафра базасы, Катардагы Эль-Удейд базасы, Бахрейндеги АКШнын Бешинчи флотунун штабы, ошондой эле Кувейт жана Сауд Арабиясы аймагындагы объектилер бутага алынганы айтылууда.
Батыш ЖМКларынын маалыматына ылайык, бул соккулардын натыйжасында аймактагы кеминде 13 америкалык база жабыркап, CENTCOM өз күчтөрүн кайра жайгаштырууга аргасыз болгон.


