Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыУкраина менен АКШ экономикалык өнөктөштүккө багыт алганы айтылды

Украина менен АКШ экономикалык өнөктөштүккө багыт алганы айтылды

Украинанын экономика министри Юлия Свириденко АКШ менен экономикалык өнөктөштүк келишимине карай маанилүү кадам жасалганын социалдык тармактан билдирди.

Тараптар “ниет тууралуу меморандумга” кол коюшкан. Бул документ инвестициялык фонд түзүүгө жана келечектеги толук кандуу келишимге жол ачары белгиленди.

АКШ мурда Украинадагы сейрек кездешүүчү минералдар боюнча келишимге 24-апрелде кол коюшу мүмкүн экенин билдирген. Дональд Трамп бул ресурстарды стратегиялык мааниге ээ деп эсептеп, Украинага пайдалуу сунуш берилгенин айткан.

Келишим тынчтык жараяны менен параллелдүү талкууланып жатат. Документ парламент тарабынан ратификациялангандан кийин ишке ашат.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар