whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
11.07.2025
23.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаданият жана адабиятАдабият«Терең уйку маалындагы өлүм»

«Терең уйку маалындагы өлүм»

(Романдан үзүндү)

Редакциядан: “Кыргыз Туусу” гезитинин 2025-жылдын 6-июнундагы № 40 санына Кыргыз Эл жазуучусу Арслан Капай уулу Койчиевдин “Терең уйку маалындагы өлүм” аттуу жаңы романынан “Генетиктин маеги элди дүрбөттү” деген аталышта эки бет үзүндү жарыяланган. Окурмандардын кызыгуусу жаралып, “бу чыгарманын башы каякта, аягы кайда, кантип таап окусак болот” деп сурагандар арбын, чыгарманы жарыялоону өтүнүп, кайрылгандар да бар. Автордун макулдугу менен жаңы чыгармадан да бир шиңгил жарыялап отурабыз. Калганы автордун эркине, чыгарманын тагдырына жараша болсун.

I

Биздин “Нострадамустун” жаңылыштыгы

 (эми түшүндү)

Көйнөгүнүн жакасын жагжайта ачып коюп, калың дептерди колунан түшүрбөй утур желпинип отурган А.У. ой толгоонун кызыгына жаңыдан чөмүп баратканында кычаштык кылгансып телефон шыңгырады. А.У. алдыга жай обдула колун созуп, телефонду ыргылжың көтөрдү. Ою бузулганга көңүлү иренжий түшкөнүн жашырбастан:

– Алло! – деп корс этти. – Угуп атам!

Өзүнөн кызматы төмөн бирөө-жарым го десе, караан баскырдыкы, президентибиздин “Оң кол” атыккан жардамчысы тура!

– Саламатсыңбы, “Нострадамус” аке! Бул – мен… Справканын дайынын билейин деп эле! Тийиштүү материалдар колуңузга тийдиби? Жетиштүүбү? – деди телефондун тиги учундагы киши.

– Саламатчылык, шеф! Жаза баштагам. Материалдар оголе көп. Бирок  материалдар менен бир сыйра таанышып бүткөнчө эле жинди болгону калдым окшойт! – деди А.У.

Сыр алдырбастан, эми дем киргенсип дабышын ары көтөрүңкү, ары шаңдуу чыгарды.

– Кой антпе, “Нострадамус” аке! Сен жинди болуп кетсең калган эл-журт эмне болот? – деп күлдү “Оң кол”.

– Ой, жинди кыла турган иш экен да мунуң! Өздөрү жинди болгону аз келгенсип…

– Түшүнөм, түшүнөм, – деди “Оң кол” сөзүн бөлүп. — Ошону үчүн ал-жайыңды сурап жатпаймынбы!

Президенттин оң колу саналган кишинин жалпынын камкору сыяктанып сүйлөгөнүнөн улам А.У. учурду жаза кетирбей бузук кондиционерди айтып, даттанып калууну да унуткан жок.

– Болгон-толгон материалдарды топтогом. Папка – папка материалдарды конторадан беришти. Четинен окуп, таанышып… Ушул күндөрү кондиционердин иштебей калганы гана кедергисин тийгизип… Күндүн ысыгы бул болсо! – деди А.У.

– Аа, эмне болуп? – деди президенттин жардамчысы.

– Как на зло кондиционер бузук. Шашылыш оңдогула, же жаңысын тез койгула дедим эле. Кечигип жатышат! – деп оңкулдады А.У.

– Балдарга айтып, кондиционерди тезинен оңдоттуруп алыңыз! – деди президенттин жардамчысы.

– Жарайт!

Сөздөрү бүтүп, телефондор ордуна коюлду. А.У. кайрадан чалкалай отурду. Каадасынан жазбай кайрадан аянтты карады. Калкыта карады. Үчүнчү кабаттын бийиктигинен термеле карасаң кандай гана ойлор келбейт агылып!? Агылып келе берет, келе берет… Додо болуп үйүлгөн папка – папка кагаздарга үңүлүп, бир сыйра аңтарып чыккан соң баятада бир кызыктуу ойго чөмүлүп, машакаттанып жатпады беле. Ой учугун ошол жерден улады. Минтип улады.

Эгер кааласа-койсо мындан ары адам баласы ажалды оңой эле алдай алат имиш, а дүйнөдөн баш тартып, ажалды адаштыруу ар кимдин өз эрк-ыктыярына жараша имиш, ал эми сөөк-сөпөтү көр түбүндө чирип, топуракка айланмагы көзү туюктардын эртегиден келаткан суу кечпеген эски жомогу экен. Кудай алгыр машаяктар ушинтип жобурап, элдин башын айлантып жатышыптыр! Көрүндө жатканын көр түбүнөн сууруп, көмүлө элегин көрүнө жеткирбестен эле кайра жан киргизип, тирилтип алууга кудуретибиз жетет деп жарылдап жатышат оозу-мурдулары кыйшайбай туруп! Канча ирет жан киргизип, канча мертебе тирилтип аларын ким билсин, иши кылса тирилтип алышат имиш! Эбак өлгөндөрдү дароо көрүнөн тургузуп, тим эле колунан жетелеп тирүү апкелишчүдөй ооздорун чоюп, капкаяктагы шумдукту күндүр-түндүр жаалап айтышып, эл ичин дүрбөткөндөрү аз келгенсип, уюмдашып алышкандарын кантесиң! Уюмдашып! Батыштын акырынан жем жегендин кыныгын алган өкмөттүк эмес уюмдардын арааны жүрүп жатпайбы ушул чакта, буларыңдын “Адам эми өлбөйт!” аттуу уюму да бар тура! Каттоодон өткөн уюм экен. Кайсы куурагыры буларды каттоодон өткөрүп жүрөт? Гмм…

Башкасынын күйгүлтүгү аздык кылып эми ушулар жетишпей жатты эле!

Кап. Жаздым кетирип, так ушундан жаңылганын карачы. Эгерде “чыгаан аналитик!” атагын күткөн жашоосунда бир жаңылса, ушул жерден чоң жаңылыптыр. Илгери атайын кызматтын майда-чүйдө тыңчыларынан алакандай кагазга жазылган маалымат алынганын укканда эле, кунт коюп окуп, сергек ойлонсо болмок экен. Арадан минтип беш-алты жыл өтүп-өтпөй булардын катары калыңдап, кой-айга келбеген кыймыл атанып, өздөрүнчө кеңсе күткөн күчкө айланып, минтип бирдин ичинен чыкчудай кебетеленип өкмөткө жасканбай акаарат айтарын өз маалында жаңылып-жазбай таамай болжосо эмине! Беш-алты жыл эртерээк эле эскертип, ашкерелесе эмине! Оу, анда алыс-жуукка угулган “азыркынын Нострадамусу” атагы огобетер артып, Ош менен Бишкектин ортосундагы элдин оозунан түшпөй турмак экен. Туш тараптан сары чырмооктой жабалактай каптап, этек-жеңден алган диний агымдар менен алпурушуп жүрүп, үч уктаса түшкө кирбеген жаңы кыймылды көз жаздымда калтырганын карачы. Кап, беш-алты жыл эртерээк эле… Эми… Эми ошол кемчилигин кеч болсо да оңдошу керек! Анабашы сөрөйлөрдүн сазайын колуна берүүнүн удулу келип туру, ошолорду четинен жазалаш керек!

Ушул ой соккондо А.У. дароо үстөлүнүн оң кырына обдула калып, үйүлгөн кагаздарды кайра башынан бирден барактай баштады. Беш барак тизмеси жүрдү эле тиркелип. Ажына тийгенсип акыр заманды аздагандардын, замандын акырын чакыргандардын тизмеси болчу. Жарык дүйнөгө бир жаралган генетик-окумуштуу атанган кишиси баш болуп, оголе көп кишинин аты жүргөн. Бир сыйра үңүлө тиктечүсүндө, “чү” дегенде эле кайсы-бир жазгычтын аты көзгө чалынып, аны “жатып ичер жазуучу сөрөй” деп сөгүп, өңчөй чоңдордун кылык-жоругун чукугандын ыгын өздөштүргөн журналисттин аты-жөнүн көргөндө “багы жок блогер сөрөй” деп каарып, үчүнчү бирин “философ сөрөй” деп ашатып, эринбей таанышып чыккан эле. Эми, он жети жашар чычымга эмне жок дейм да, ал да жүргөн ылгый чоңдордун арасында кыпчылып. Эмнегедир аны “Бала” деп тергеп коюшат экен. Досьесинде ушинтип жазылуу. Интернаттан жаңы чыгыптыр. “Бешиктен бели чыга элек жатып үч тамганын кара тизмесине эмитен илинсе, кийин кайда барат?” – деп ойлоп койгон эле ичинен. Ал философ сөрөйдү издеди. Беш барак кагазды бирден карап, бирде өйдөлөтүп карап, бирде ылдыйлатып карап, утур биринин аты-жөнүн аттатып жатып, философту тапты узун тизмеден. Кулк-мүнөзү жашыруун кызматтарга илгертен дайын окшобойбу, аларың деле жаңылбай “Бузуку” деп тергешет экен аны. Бузуку! Кандай гана таамай коюлган ат! Ушу бузукунубу! Өзүн жаңы кыймылдын идеологу атап, көкүрөгүн каккылаган ушул бузукунун шиши ансыз да толуп жүрдү эле!  Ичин бүлүндүргөн капкачанкы ызасын, эски кегин эстеп ийди. Жыйырма жыл илгерки окуялар эсине түштү эле, “ЮНЕСКОго гана кайрылат имиш, кысталак!” – деп ызырынды. Он жыл илгерки окуя-лар эсине түштү эле, “Эми, карап тур, катыгыңды бербесемби!” – деп кекенди. Ал замандарда жигиттер арасында кыз талаш деген болор эле, кыз талаштын айынан экөөнүн эрегишип калгандагы жайы бар эле, тагдырдын тамашасын кара, ошондогу ызасын жандыргандын ыгы эми минтип өзүнөн өзү келип туру!

А баса, учурунда “Нострадамусту” чанып, философту ээрчип кеткен айтылуу сулуу да жүрү тизмеде. Андан бери канча суу акты, канча мезгил көчтү арадан. Ал арада биздин каарман “Нөшөр” деген атты илээштиргенге үлгүргөн экен, кара тизмедеги аты эмнегедир “Нөшөр” экен. Эмнеге “Нөшөр”? Сүрөтчү эмес беле? Сүрөтчү болом дечү эмес беле, кыялында кыл калемдин атагы таш жарган чебери болом дечү эмес беле! Сүрөтчү болот дечү эле, чебери болот дечү эле. Сүрөтчүлүгү угулбай калганбы? Эмнесинен жазып угулбай калган? Ким билсин, иши кылса досьедеги аты “Нөшөр” экен.

“Нострадамус” бүшүркөп отуруп, момун элдин ичине бүлүк салгысы келген “Бузукунун” он жыл илгери эле ниети бузулуп, бул ишке киришкенин бүдөмүк
боолголоду. Кабагын бүркөп, кайрадан көк сыялуу калем сабын колго алды. Бу саам кагаз бетине бирдемени шар эле чиймелеп ийчүдөй комдонду.

II

Он жыл илгери эмне окуя болду эле?

КГБнын досьесинде “Бузуку” деген ат менен катталуу, ошол себептүү бас-кан-турганын жаза кетирбей тизмелеп, артынан калбай шимшилеген жансыздардын арасында “Бузуку” атка конгон, а бирок өз кыялында “бүтүн ЮНЕСКОго билинген көрөгөч” атагын көксөгөн, ошол себептүү жан тарткан санаалаштарынын жана жайнаган колдоочуларынын арасында “Көрөгөч” атыккан философ туптуу-ра жарым сааттан кийин “Нөшөр” менен сагынычын жаза сүйлөшүүнү болжошту да, али сыясы кургай элек жаңы гезиттерди алдына кабат-кабат үйүп алып, четинен колуна илингенин кулачтап жайып, мурдунун учуна түшкөн жез алкактуу көз айнегин сөөмөйүнүн учу менен утур өйдө түртүп коюп, утур бирин ачкан сайын чалкалай калып, ашыкпай окуп жатканында алтынчы беттеги макалага көзү илинди. Көңүлү кадалды. Ириде окуп көрдү. Көз айнегин сөөмөйүнүн учу менен каадасынча өйдө түрттү да бу кайсынысы болуп кетти дегенсип, гезитти аңтарып карады. Баягы эле аты чуулуу “А…” гезити экен.

Маал-маалы менен чуулган салып турбаса кайсы арына “А…” гезити аталып жүрөбүз? Аты чуулуу атагы кайсы анда!? Бу сапар адам баласынын ДНК сырын чечмелөөгө өмүрүн сайган генетик окумуштууну академиянын жер төлөдөгү кычыгынан таап чыкканын жар салыптыр да көлөмү гезиттин бир бетин толук ээлеген маек уюштуруптур. Тапкан генетиги өзүбүздүн арабыздан экен. “Генетикадагы төңкөрүш: чыгаан окумуштуунун көп жылдык мээнети кайтты!” – деп аталыптыр материал.

Мурда-кийин дарек-дайнын элге-журтка угуза албай кыйналып жүргөн кайсы чыгааны болуп кетти? Анчалык ооз ачыра таң калгыдай эмне ачылыш жасаптыр? Бүйрү кызыган философ адегенде кол телефонун жандырып саатты карады. Баятада КГБ кайсы-бир айтылуу сулууну “Нөшөр” деп тергейт экен дебедикпи, философ ошол “Нөшөр” менен чалышалы деп саатты болжошуп койгон эле, болжошкон убактысын өткөрүп ийбесине көзү жетип, саат он бир жарымга чейин кенен-чонон окуп үлгүрөрүн анык билди да маекти кунт коюп окуй баштады.

Ээ, кокуй! Эмнеге эми араң билинди десе, элдин баары көр оокаттын айынан жапырт базарлап кетчү заманда көр дүйнөдөн кечип койгон кайран генетик илим алдындагы касамды жалгыз ичкенсип Илимдер академиясын чанбай-этпей, ышпалдасы чыгып, ным жыттанган күңүрт лабораториясын айланчыктап, жүрө бериптир илими менен алпурушуп. Дымагын кара, көрсө коңшуларды кой, англичан менен американдарды чаңында калтырсам деген кыялы бар, генетика илиминин ачылыштарын өз элибиздин гана пайдасына иштетсем дегенди күндүр-түндүр тилек кылган, өжөрлүгү чанда улутчул азаматтардан экен. Ооба, ушундай азаматтардан экен!

Тунжураган философ гезиттен көзүн ала албай, маекти андан ары улап окуй берди.

Эрдигин айтып отурса, генетик мынабу ишин отуз жылдан ашуун эрмектептир. Отуз жылдан ашуун! Бу дегениң жашоонун жарымы эмеспи! Совет заманы гүлдөп турган учурда, сексенинчи жылдардын башында эле шымалана киришиптир. Эми жаңы ачылыштын аки-чүкүсүн эмитеден эле жар салып, төкпөй-чачпай айтып коюуга болбойт экен. Ал – улуттун өзөгүнө катып алчу сыры тура! Башка элдер андан айлансын. Бирок төркүнү мындай: Британ окумуштуулары генетикадагы “клониң” деген усулду оболу Чолпон-Ата тукумуна колдонуп, маарап турган койдун клеткасынан эле анын кудум өзүндөй маарап турган түгөйүн жасап ийишпеди беле. Эсиңердеби? Клеткадан тирүү жандыктын кудум өзүндөй түгөйү жасалганын укканда бүтүн дүйнө жүзү чурулдап жатып калды эле го! А биздин генетик алардан ашып түшүптүр. Тирүүлөрдүн клеткасын кой, өлгөндөрдүн кыпындай эле илинчек болчу ДНК материалы табылса болду, тирүүсүндө кандай болсо так өзүндөй окшошун жасап коюу-нун ыкмасын тааптыр. Макулук аттууну кайра тирилтип алууга ким кызыкдар дейсиң, бирок адам баласына колдонсо болот өңдөнөт…

Маегинин ушул жерине келгенде философтун жүрөгү толкундады. Эмне дейт, капырай? Капырай, мунуң өлгөн адамга жан киргизип, тирилтип алуу дегендик эмеспи! Качанкы өлгөн адамды көргө житкен жеринен аягына тургузуп, тирилтип алуу дегендик эмеспи! Мына сага ачылыш! Мына сага жетишкендик! Айла жок жакаңды карманасың!

Генетиктин гезит бетиндеги бу маегин окубасак кыялдар мынчалык алып-учуп чабыттайт беле-жокпу, ой-кыялдын күлүктүгү курусун. Философ да “А…” гезити колуна тийген калың элден калышпай, эбак аа дүйнө кеткени сагынткан жакын адамдарынан бирин-экинин кыялында тирилтип алганга үлгүрдү. Алтымышка жетпей жарык дүйнө менен коштошкон эле, апасын тирилтип алды кыялында, уул-кызынын убайын көрбөй жаш кеткен эле,  улуу агасын тирилтип алганды кыялданды. Кыялданган сайын сүңгүп окуду. Сүңгүгөн сайын таң кала берди, сүңгүгөн сайын арбала берди.

Маңдайына микрофонун суна отуруп маек алган бечара журналист да арбалгандан арбалган белем, “арбагы тирүү Манасты тирилтип алсак болобу? Кайран энебиз Каныкейди тирилтип алсак кантет? Барс-бекчи? Барс-бекти тирилтип алсак болобу?” деп какшанып жанын койбой, капкаяктагы суроолорду кадала сураган экен. “Болбогондочу!” – дептир генетик оозу-мурду кыйшайбай:”Сөөгүн тапчу киши барбы? Сөөгүн эле таап бергилечи! Калганы менин колумда!”

Атеисттигине корстон болчу өнөрү жаңыдан-жаңыдан кала баштаган философ: “Астапыралда!” – деп ийди адегенде. Манас, Каныкей дейби!? Капкачанкы Барс-бек дейби!? Көзүн ымдап, ымдап алып, ошол жерин үч кайталап окуду. “Алардын сөөгүн эми кайдан тапмак элек, агасы! Андан көрө кечээ жакында эле атылып кеткен Жусуп Абдрахмановду тирилтип алсакчы! Атаңгөрү, Абдрахманов жетишпей жатат жашообузга, ошол кишидей көсөмгө суусап, карайлап жатабыз, а көрө кайран Абдрахмановду тирилтип апкелбейлиби!” – дептир журналист. “Эң сонун сунуш!” – дептир генетик: “Анын сөөгү дайын эмеспи! Ата-бейит да алыс эмес…”

“Ээй!” – деди философ ичинен. Көзүн жана бир сыйра ымдап, ымдап алып, ошол жерин дагы бир мертебе кайталап окуду. Идея болбосоң коё кал! Идея деп мына ушуну айт! Карапайым элчилеп а дүйнөдөгү жакындарын ойготуп алууга ашыгып алганы эмнеси? “Ашыкпа!” — деди өзүнө-өзү. Бир улуу идея оюна шак келип, туюк жүргөн көзү эми ачылгандай толкундады. Качантан бери көздөп, көктөн издеп жүргөнү жерден табылып аткан жокпу? Кудайым өзү жалгап, качанкы кыялын жүзөгө ашыруунун кыябы эми туулуп турган жокпу?

Кыялы алда кайда алып учту. Ошол ирмемде энесин эмес, Эхнатонду ойлоду. “Эхнатон! Эхнатонду ойготуп алалы!” – деп ойлоду. “Жеткен улут жандуу улутчул неме экен, өңчөй кыргыз тектүүлөрдү гана ойготкусу келет тура. Өзүмчүлүгүңдү кой деп жаалап, эптеп макулдатып, кыргыз эместерден жалгыз Эхнатонду ойготуп алсакчы! Элден озунуп биз биринчи ойготуп алсакчы да айтканын биз биринчи эшитип, дүйнөгө жар салсакчы!” – деди оюнда.

Эзелкиде бу жалгандан не бир кудурет-кубат күткөн фараон аттуулар өткөн эмеспи, андайлардын эчен-эчени чууруп өткөн эмеспи, адам тукуму жапырт жапайычылыктын сормо сазынан чыгалбай тумчугуп жаткан кезең болгон, ошол кезеңдерде ошончодон алакандай Мысырга кут ыроолонуу экен, жазмышына Мысырда төрөлүүнү буйруган таалайлуу элдер элден мурда жерден боорун көтөрүп, элден мурда ойгонуп, “адам цивилизациясын” жаратышкан эмеспи, дегеним, кадимки адам кебетесине келе башташкан эмеспи, ошолорду баштаган журт эгелери “фараон” аталган эмеспи, ошолордун какчыйып каткан сүлдөрү ошол замандан ушул заман какчыйып каткан тейден сакталуу эмеспи, ошолордун ичинен көздөп издеп таптырып, кыялында жалгыз Эхнатонду ойготту. Кайран Эхнатон! Башы кара, буту айрынын укум-тукуму бу жарыкчылык кайдан-жайдан жаралганынын купуясын жандыра албай азып-тозуп, биле албаганынын азабынан башы маң болгуча адашып, текши адашып, адашканы ошо, көрүнгөнү көрүнгөн тоо ташка, жан-жаныбарга, көрүнгөн кычыкка сыйынып-тайынып, миңдеген – миңдеген жылдар бою жер бетинде азгын кебетеленип каңгып жүргөн чагында, алардын кебетесине боору ооруган кудуреттүү Жараткандын дал өзүнөн аян алып, Жараткандын бирөө гана экенин туйган, адам аттуудан ошону үнү кардыкпастан алгач жар салып айтып чыккан, айтып чыкканы үчүн кордугун кошо тарткан кайран гана Эхнатон! Бу жарыкчылыкка кайра тирилип бир келсең эмне деп айтаар элең? Ай-ааламды жаңыртып эмне айгайды салар элең бул сапар?

Ушинтип ойлоду. “Окууңду уурдап, уурдашканы аз келгенсип өзүңдү сөзгө сөлтүк кылып, түбөлүк жаманатты кылгандарды сөгүп-сагар белең? Кылган кылыгы үчүн каргап-шилеп, айыбын ачар белең, абийирин ашкере төгөр белең?” – деп ойлоду.

Маектин соңуна чыккыча ой-кыялы алдыга озуп, жабалактаган суроолор кытыгылайт. Болуптур. Тирилтип алаарын го тирилтип алабыз. Жарык дүйнөгө мурда төрөлгөндөгү кебете-кешпири менен кайра жаралып, жаткан жеринен туруп келет экен. Ал эми кулк-мүнөзү, аң-сезими, акыл-эс дарамети кандай болот? Кайсы аң-сезим менен кайра жаралат? Так өзүндөй, мурда жашап өткөндөгүсүндөй болобу? Тирилип алышкан соң мынабу коомго, эл-журтка аралашып кетмеги кандай болот?

Генетиктин жообу белен экен. Анын да жообун келтириптир.

Генетиктин өз ачылышын уялбай-этпей эле “улуттук купуя” деп утур-утур атаганында да кеп бар тура. Анын оюна койсо, бул ыкманы ылгый кыргыз тукумуна колдонмокчу экен да ушинтип кыргыздардын санын арттырмакчы экен. Бир ыптабызда кылкылдаган кытай, бир ыптабызда кумурскадай жайнаган индус-миндус деген элдер, орусу да оңой эмес. Абал курчуйт. Ошентип элибиздин санын отуз миллионго чыгара жеткире саларыбызды эсептеп да коюптур. Антпесек тебелендиде калабыз дептир.

Философ шалдайып отуруп калды. “Ырас!” – деди ичинен.

Тобо! Бала болуп башына жүн чыгып, кенедейинен кара тааныганы далай китепти оң-тетири аңтарып, болочокту пайгамбарлардай эле алдын-ала айтып салган не бир шумдук фантаст-жазуучулардын повесть-романдарын жантагынан жата калып окугансыды эле. Эстесе эсиң оойт. Эсеби маселен, “Профессор Доулдун башы”, айылдан айылга чапкылагансып аалам түпкүрүн аралап ары-бери каттагандар, кудум эле кишиче отуруп-туруп кыймылдаган роботтор… … Китепке башынан өч эле. Он – он эки жашында эле китептерин издеп окуп, Жюль Вернге тиши өткөн! Бирок бирөөсүнүн да кыялы жетип мындай тири укмуш окуяны болжогонун окубаптыр, көкөлөтө макталган бирөөсүнүн да фантазиясы мынчалык чабыттабаптыр… …

“Жок!” – деп кайра бүшүркөдү бир маалда. Коё тургулачы! Капырай, мындай окуяны бир жерден чала-чарпыт окугандай болбоду беле! Каяктан, кайсы китептен кезиктирди эле? Орусчадан окуду беле, же кыргызчадан окуду беле? Иши кылса тааныш. Же кайсы бир жөө жомоктон кулагы чалгандай болду беле? Ооба, жомоктон укса керек эле. Ошол жомогу кайсы жомогу эле? Адам баласынын тагдырына кыямат-кайым жазылуу, эгер кыямат-кайым чындап төбөңдөн тооручу болсо атам замандан берки өлгөндөрдүн бири калбай көр түбүнөн бир сыйра туруп келет имиш деген аңызды кимиси айтчу эле да кимисинен укчу элек? Чоң атасынан укту беле, же өз атасынан укту беле? Чоң энесинен укту беле, же өз энесинен укту беле? Кимисинен болсо да эшиткени анык. Ошол аңызды үзүл-кезил эстеди. Толук эстей албаса да, “өлгөндөр акыр заманда бири калбай тирилип, көр түбүнөн туруп келет” деп айтылчу жерин даана эстеди. Ырасында эле ушундай окуясы кошо айтылган жомок эмес беле!

Кадимдеги айтылган сөздөр тегинден айтылган эмес деп коюшат эмеспи. Ошол “деп” коюшкандары анык белем. Мынабу окуядан кийин аныктыгына ишенбеске не чараң бар? Мурда мынчалык таң калчу эмес эле, бу сапар  философ чындап таң калды. “Идея болбосоң коё кал!” – деп күбүрөндү. Акын сымал күүлөнүп, шыгы козголду. Ою чабыттап, чабыттаган оюнда генетик-окумуштууга арка-жөлөк болду да, анын улуу ачылышын бүт улуттун кыял-тилегине айландырып салды. Эми муну эринбей жазуу керек! Эми муну тажабай айтуу керек! Элге-журтка үгүттөөсү керек! Эл-журтту түгөл үгүттөөсү керек! Ириде генетик менен таанышып, боор батырышканы оң!

Ордунан өөдө туруп, өйдө-төмөн бас-ты. “Идея болбосоң коё кал!” – деди дабышын бийик салып. Идея болбосоң коё кал! Кол телефонун кайрадан жандырып, саатты карады. Демейде көз ачып жумгуча өтүп кетчү жарым саат убакыт бу саам кашайып өтпөй, “Нөшөргө” телефон сокчу убактысына дагы он беш мүнөт бар экен. Бу кебетеси менен ичи бышып, дагы он беш мүнөттүн өтүшүн күтүп отура алчудай эмес. Анчалык күтүш бир келсе “Нөшөрдүн” колунан келиши мүмкүн, бирок философ күтө алчудай эмес. Күүлөнүп алган жаны чыдамы кетти. Толкуп алган жаны… Оргуп турган ойлорун озунуп “Нөшөргө” айтуусу керек, анткени анын ойлорун оболу “Нөшөр” билүүсү керек! Демек маалкатпай телефон чалуусу эп. Дароо чалуусу эп! Кол телефонун ачып, “Нөшөрдүн” соңку берген жаңы номурун терди: 15-05-24. Кудай жалгап “Нөшөр” дароо алды. Анын “алло” дегендеги жылаажындай үнүн угаар замат философ токтоно албай калды белем.

– Алло! Алло, жаным! – деди философ аптыга.  – Алло, угуп атасыңбы мени? Бүгүнкү “А…” гезитин окугандай болдуңбу? Алтынчы бетинде өтө кызыктуу материал жүрөт.

– “А…” гезити? – “Нөшөр” мурдун чүйрүгөндөй өңдөндү окшойт, үнү шылдыңдуу чыкты. – Өңчөй ушактарды терип жазган гезиттерди окуганга убактымды коротпой калганыма канча! Окумак турсун колума алгандан жийиркенем!

– Жаным! – деди философ жалбарып. – Сабыр! Сабыр! Сабыр кылып уксаң! Бу сапар ушактардан сырткары чыныгы сенсацияны жарыялашыптыр! Өкмөттүн гезиттери карабаса, ушакчы гезиттер басат да. Өзүбүздөн чыккан генетик-окумуштуу илимий ачылышы тууралуу маек бериптир! Иттей кызык! Түшүнүп койсоң!

– Эмнесин түшүнөйүн?  – деди “Нөшөр” ашыкпай сүйлөп. – Кантип жалкыбайсың ошондой гезиттерден? Үч тамганын айдагын аткарып, экөөбүздү каралаган күндөрдү бат эле унуттуңбу?

– Кечиримдүүмүн да. Кечиримдүү болуу кажет. Сенчилеп өчөшө берсем, гезиттин бүгүнкү саны колума тиймек эмес да улуу идеянын жаралышына күбө болбой калмакмын!

– Улуу идеянын? Эмне деген улуу идея экен?

– Жаным, өлгөндөрдүн тирилип келишине ишенесиңби?

– “Кайра тирилип келериңе ишенесиңби?” деп өз жаныңа кайрылгандай айттың го. – “Нөшөр” шыңкылдап күлдү. – Кайсы жаның? Сен тирилип келсең, а менчи?

“Нөшөрдүн” сөз тапкычтыгына ар дайым суктана келген философ бу сапар да анын бура сүйлөгөнүнө куунап, каткырып ийди.

– Экөөбүздүн тең жаныбызды айтып жатам, – деди ууртун жыйып.

– Жомок го мунуң?

– Жомок? Азыркы жашообуздагы көнүмүш болгон канчалаган көрүнүштөрдү учурунда “жомок” деп аташкан! Шылдың­дашкан, келекелешкен! Учурунда “жомок” деп аталган канчалаган окуя чын болуп чыкты акыры!

– Аның ырас. Бирок өлгөндөрдүн тирилиши дегениң…

Экөөнүн өлбөстүктүн идеясын талкуулап калышмайы ушинтип башталган.

Арслан КОЙЧИЕВ

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар