whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
14.12.2025
4.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомБашкы прокуратура: 25 салыкчы айыпка жыгылды

Башкы прокуратура: 25 салыкчы айыпка жыгылды

“Кызмат адамдарынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузуу” беренеси менен 25 салык кызматкери 10 миң сомдон айыпка жыгылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Башкы көзөмөл органынын маалыматына ылайык, Мамлекеттик салык кызматынын, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймактык салык органдарынын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүлгөн.

Жыйынтыгында салык инспекторлору Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 318-беренесинин 4-бөлүмүнүн талаптарын бузуп, ишкерлерге 5 000 сомдон 13 000 сомго чейин айып салганы аныкталган. Мекеме мыйзам боюнча бул бузуу үчүн жазалоо чарасы катары айып салуу эмес, эскертүү гана каралганын кабарлады.

Башкы прокуратура ыйгарым укуктарынан аша чаап, ишкерлердин укуктарын бузуу, анын ичинде негизсиз санкцияларды колдонуу учурлары мыйзам чегинде жазалана турганын кошумчалады.

Мамлекеттик салык кызматы бул боюнча комментарий бере элек.

Гезит

Эдил БАЙСАЛОВ: “Демократия – артыкчылыктуу элита үчүн эмес, эл үчүн”

Кыргызстан – ачык, динамикалуу жана оптимизмге толгон жаш, заманбап мамлекет. Ондогон жылдар бою ал Борбордук Азиянын "демократия аралы" деп аталып келген. Бирок, жакында Бишкектеги...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар