Башкы беткеМаанилүүЭмгек китепчеси санарип форматка өтөт: «Түндүк» колдонмосуна интеграциялоо башталды

Эмгек китепчеси санарип форматка өтөт: «Түндүк» колдонмосуна интеграциялоо башталды

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында өткөн аппараттык жыйында эмгек китепчелерди жана аскердик билеттерди санариптештирүү боюнча алгачкы жыйынтыктар угулду.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев билдиргендей, электрондук эмгек китепчеси “Е-Кызмат” системасынын негизинде иштелип чыгып, азыр “Түндүк” мобилдик колдонмосу аркылуу жеткиликтүү болуп калды.

Анын айтымында, эмгек китепчелерин санарип форматка өткөрүү — бул жөн гана ыңгайлуулук эмес, маалыматтын тактыгын, коопсуздугун жана жоголуп кетпей сакталышын камсыздоочу маанилүү реформа.

«Эмгек китепчени санариптештирүү – бул технологиялык жаңылануу гана эмес. Бул жумушчулар үчүн да, жумуш берүүчүлөр үчүн да жогорку деңгээлдеги коопсуздук. Ар бир жарандын эмгек тарыхы так, ишенимдүү жана жеткиликтүү болот», – деди Касымалиев.

Жыйында ошондой эле аскердик билеттерди санариптештирүү боюнча отчет угулуп, бул документти да “Түндүк” мобилдик колдонмосу аркылуу санарип форматта колдонуунун жолдору көрсөтүлдү.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар