ШКУнун алкагында агросектор боюнча кызматташтык күчөтүлөт

          16-апрелде Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин алдында Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин демилгеси менен Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин катышуусунда өсүмдүктөрдүн карантини боюнча кеңешме болуп өттү.

Иш-чарага Кыргызстан, Россия, Кытай, Иран, Индия, Пакистан, Беларусь, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышып, фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу, карантиндик зыяндуу организмдердин жайылышын алдын алуу жана бул багыттагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал, глобалдык климаттык өзгөрүүлөр, соода агымдарынын өсүшү жана зыяндуу организмдердин жайылыш коркунучу шартында өлкөлөрдүн биргелешкен аракеттерин күчөтүү зарылдыгы айтылды.

Ошондой эле эрте эскертүү системаларын өнүктүрүү, илимий изилдөөлөрдү жана адистерди даярдоону күчөтүү жолдору, лабораториялык диагностика жана биологиялык коргонуу ыкмаларын өнүктүрүү боюнча алдыңкы тажрыйбалар сунушталды.

Жыйынтыгында катышуучулар ШКУнун алкагында фитосанитардык кызматташууну мындан ары кеңейтүү боюнча бир катар практикалык багыттарды аныкташты. Алардын ичинде маалымат алмашууну күчөтүү, санариптик чечимдерди киргизүү, илимий кызматташууну тереңдетүү жана карантиндик коркунучтарга каршы биргелешкен аракеттерди күчөтүүнү макулдашышты.

 

Вера БЕДЕЛБЕК, «Кыргыз Туусу»

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз