Башкы беткеЖогорку КеңешНурланбек Тургунбек уулу Арменияга расмий сапар менен барды

Нурланбек Тургунбек уулу Арменияга расмий сапар менен барды

Кечээ, 25-майда Жогорку Кеңештин  төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Арменияга расмий сапар менен барды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. 
Төраганы Еревандагы Звартноц эл аралык аба майданынан Армениянын Улуттук Жыйынынын төрагасынын орун басары Акоб Аршакян баштаган жетекчилер тосуп алды.
Эскерте кетсек расмий сапардын алкагында Нурланбек Тургунбек уулу Армениянын Улуттук Жыйынынын төрагасы Ален Симонян менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, парламенттер аралык кызматташтыкка байланышкан маселелерди талкуулайт.
Делегациянын курамында депутаттар:
Бактыбек Сыдыков, Улугбек Ормонов, Мурадил Сыдыков, Ырысбек Атажанов, Эльмурза Сатыбалдиев, Медербек Саккараев жана Жаныбек Кыдыкбаев бар.

Гезит

Мукай Элебаев Күндөлүктөн чыккан үн

Убакыт сынаган өмүр жана доор     Быйыл кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин туулганына 120 жыл толот. Бүгүн ал биз менен түз сүйлөшө албайт, бирок анын ой-пикирлери,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар