Башкы беткеМаанилүүСадыр Жапаров Ли Чжэ Мёнду президент болуп шайланышы менен куттуктады

Садыр Жапаров Ли Чжэ Мёнду президент болуп шайланышы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров Ли Чжэ Мёнду Корея Республикасынын президенти кызматына шайланганы менен куттуктады.

Төмөндө президент Садыр Жапаровдун куттуктоосу:

“Кыргыз Республикасынын элинин жана өзүмдүн атымдан сизди президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңишиңиз жана Корея Республикасынын президенти болуп шайланганыңыз менен чын дилимден куттуктайм.

Президенттик шайлоонун жыйынтыгы сиздин республиканын туруктуу социалдык-экономикалык өсүшүн камсыз кылууга багытталган прагматикалык саясатыңызга болгон элдин ишениминин жана колдоосунун айкын далили.

Сиз менен бирге мамлекеттерибиздин ортосундагы кызматташтыкты мындан аркы бекемдөөгө салым кошууга даяр экенимди билдирем.

Улуу Мартабалуу сизге бекем ден соолук жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүңүзгө ийгиликтерди, ал эми Корея Республикасынын элине тынчтык жана өнүгүү каалайм”

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар