Башкы беткеРубрикаларЭкономика“Кумтөрдүн” былтыркы кирешеси 1,4 млрд АКШ долларын түздү

“Кумтөрдүн” былтыркы кирешеси 1,4 млрд АКШ долларын түздү

«Кумтөр» ишканасынын 2025-жылдагы кирешеси 1,434 млрд АКШ долларын түздү. Бул тууралуу «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун өткөн жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчетунда айтылат.

Маалыматка ылайык, 2025-жылы Кумтөрдө 12 миң 81 кг алтын казылып алынган. Компаниянын кирешеси 1 млрд 434 млн АКШ долларын түзүп, ал эми таза пайдасы 706 млн АКШ долларынан ашты.

Бюджетке салыктар жана башка төлөмдөр түрүндө 246,5 млн АКШ доллары которулду. Ошондой эле 2025-жыл үчүн дивиденд түрүндө 300 млн АКШ долларын төлөө чечими кабыл алынган.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар