whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
14.07.2025
20.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларБилим берүүӨспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алууга адвокаттар тартылууда

Өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алууга адвокаттар тартылууда

Билим берүү жана илим министрлиги адвокаттар коллегиясынын мүчөлөрү менен биргеликте жумушчу жыйын өткөрдү.

Ведомствонун маалыматына караганда, жолугушуунун жүрүшүндө адвокаттар өлкөнүн бардык мектептеринде ачык сабактарды үзгүлтүксүз өткөрүү демилгесин көтөрүшүп, мектептик билим берүүгө адвокаттарды тартуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Демилгенин алкагында Билим берүү жана илим министрлигинин бекитилген графигине ылайык лекцияларды жана ачык сабактарды өткөрүү, мектептерге аймактык негизде адвокаттарды бекитүү жагы да каралды.

Адвокаттар коллегиясынын мүчөлөрү мектеп окуучуларынын арасында укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу механизмине катышуу үчүн юридикалык коомчулукка кайрылуу жасашты. Коллегиянын мүчөлөрү билим берүү уюмдарындагы мектеп рэкетчилиги жана буллинг көйгөйлөрүн чечүү үчүн окуучулар менен гана эмес, алардын ата-энелери менен да өз ара аракеттенүүгө юристтерди тартуу зарыл деп эсептешет.

Бул маселени чечүүдө юристтердин катышуусу пайдалуу болот. Бирок профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүнүн эскирген ыкмаларына байланыштуу Билим берүү министрлиги мамлекеттик жана муниципалдык органдары жана башка жамааттар менен өз ара аракеттенүүнүн жаңы ыкмасын жана механизмин иштеп чыгууда. Ошондой эле, мектептин тарбия иштери боюнча орун басарлары, соцпедагогдор, класс жетекчилер жана мугалимдер үчүн усулдук колдонмолор, презентациялар, буклеттер, брошюралар жана кыска видео роликтер иштелип чыгат.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар