Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыТүндүк Корея Орусияга 6000 аскердик адисин жөнөтөрү кабарланды

Түндүк Корея Орусияга 6000 аскердик адисин жөнөтөрү кабарланды

Түндүк Корея Орусияга жалпысынан 6000 аскердик адисти: алардын ичинен 1000 мина тазалоочу жана 5000 куруучуну жөнөтүүнү пландап жатат. Бул тууралуу «Интерфакс» агенттиги Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгунун маалыматына таянып кабарлады.

Маалыматка ылайык, 17-июнда Шойгу Корея Элдик Демократиялык Республикасына экинчи жолу расмий сапар менен барып, Пхеньян менен Москва атайын келишимге жетишишкен. Ага ылайык, Түндүк Корея Курск облусуна мина тазалоо жана инфраструктураны калыбына келтирүү иштерине жардам иретинде аскердик адистерин жөнөтөт.

Бул кызматкерлер негизинен Украинанын чабуулдарынан жабыркаган аймактарда жолдорду жана ар кандай объектилерди оңдоо иштерине тартылары күтүлүүдө. Келишим эки өлкө ортосундагы аскердик жана техникалык кызматташтыктын кеңейишинин белгиси катары мүнөздөлүүдө.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар