Кыргызстандын АКШдагы элчиси Айбек Молдогазиев Кошмо Штаттардын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары Жон Марк Поммершайм менен Вашингтондо жолугушуп, эки өлкөнүн алакасы, өзгөчө визалык чектөөлөргө байланыштуу маселелерди талкуулады. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги ырастады.
Жолугушууда негизги көңүл Кыргызстанды АКШ тарабынан визалык чектөө коюлушу мүмкүн болгон өлкөлөрдүн тизмесине киргизүү ыктымалдыгына бурулду. Элчи бул маселени кароодо тең салмактуу жана ойлонулган мамиле зарыл экендигин белгилеп өттү.
Бул жолугушуу 15-июнда Washington Post басылмасы жарыялаган маалыматтан кийин болду. Басылма АКШнын Мамлекеттик департаментиндеги кызматтык катка таянып, 36 мамлекет, анын ичинде Кыргызстан да визалык чектөөлөргө туш болушу мүмкүн экенин кабарлаган. Документте аталган өлкөлөргө Вашингтондун жаңы талаптарын аткаруу үчүн 60 күн мөөнөт берилери жазылган.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул маалымат боюнча АКШдан расмий билдирүү ала электигин маалымдап, тизмеге кандай критерийлер менен өлкөлөр тандалганы боюнча түшүнбөстүктөр бар экенин билдирген. Мындан улам министрлик АКШнын Бишкектеги элчилигинин консулун чакырып, маселени түшүндүрүп берүү өтүнүчүн билдирген.
Кошмо Штаттар шилтеме кылып жаткан негизги бузуулар катары визасынын мөөнөтү өтүп кеткен адамдардын санынын көптүгү, документ берүүчү системанын жетишсиздиги жана башка техникалык себептер айтылууда.