Башкы беткеМаанилүүЫрыскелди Хамзаев Албаниядагы мелдеште коло утту

Ырыскелди Хамзаев Албаниядагы мелдеште коло утту

Кыргызстандын грек-рим балбаны Ырыскелди Хамзаев Албанияда өткөн Muhamet Malo рейтингдик мелдешинде коло байге утту.

Хамзаев 72 кг салмакта күрөшүп, 2-мартта килемге чыкты.

Ал таймышты 1/8 финалдан баштап, биринчи беттешинде түркиялык Селчук Жанды жеңди. Андан кийин норвегиялык Ларс Летвикти утту. Жарым финалда түркиялык Мехмет Сахын менен күч сынашып, бирок жеңилип, коло үчүн күрөшө турган болду.

Үчүнчү орун үчүн беттеште Хамзаев болгариялык Иво Илиевди жеңип, коло мелаль утту.

Гезит

Социалдык тармактар экстремисттик жана террористтик уюмдардын заманбап куралына айланууда

Туура, азыр социалдык тармактарсыз жашоо жок. Бул реалдуулук. Адамдар кыска, тез тарама, анча акылды талап кылбаган тексттерге байланды да калды. Бул жагдайды экстремисттик, кылмыштуу...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар