whatsapp: +996 501 86 00 89
call-squared
тел: +996 508 07 07 20
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
07.03.2026
8.6 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүЖээнбек Кулубаев Кувейт Инвестициялык агенттигинин башкаруучу директору менен жолукту

Жээнбек Кулубаев Кувейт Инвестициялык агенттигинин башкаруучу директору менен жолукту

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кувейттин Инвестициялык агенттигинин башкаруучу директору шейх Сауд Салим Абдулазиз Аль-Сабах менен жолукту.

Жолугушууда кувейттик тарапка Кыргызстандагы келечектүү секторлорго, анын ичинде “жашыл экономика”, гидроэнергетика, транспорт, туризм жана логистика тармактарындагы инфраструктуралык долбоорлорго инвестиция салуу мүмкүнчүлүктөрүн карап көрүү сунушталды.

Министр Жээнбек Кулубаев Кувейттин Инвестициялык агенттигинин башкаруучу директорун 2025-жылдын жайында Кыргызстанда өтө турган “Борбордук Азия жана Булуңдагы Араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши” инвестициялык форумуна катышууга чакырды.

Кувейттин Инвестициялык агенттигинин башкаруучу директору чакыруу үчүн ыраазычылыгын билдирип, чет элдик инвестицияларды тартуу боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аракеттерин жогору баалады. Ошондой эле сунушталган инвестициялык долбоорлорду изилдөөгө жана аларды ишке ашырууга активдүү катышууга кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар инвестиция, соода, логистика жана туризм тармагында эки өлкө ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү боюнча ишти улантууну макулдашты.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар