Кыргыз наркы — нечен жоболоңдон сакталып, жоголуп кеткиче жомокко айланып, эненин эбеденинен эмчек сүтүнө сиңип, бешик башына тумар болуп тагылып, термелген сайын бешик күүсүнүн ыргагына көөшүгөн улуулук. Найзанын учуна тепчилип кетпей, кылыч мизине кесилип кетпей, ташка салса сынбаган, кылымдан-кылым тынбаган бийиктикке айланып, эл ишениминен, элдин үмүтүнөн боюна эбегейсиз кубат жыйнаган асылдуулук.
Кыргыздын байыртадан бери укумдан-тукумга көчмөн калктардын уюткусу катары келип жеткен нарк-насилибиз, каада-салттарыбыз, тарбиялык таалими зор баяндар, уламыштар тууралуу Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун уңгулуу кептеринен жарыялайбыз.
Торгой
Уламыштан уламалап, чындыктын изин кууп багындырган бабалардын салтынан, анан наркынан айланса болот! Бир окуянын өңүтүн өтүп отуруп, көкүрөктө уюган бир баянды айтып өттүм бүгүн…
Айдыңы айдай сулуу, кышы да жайдай жылуу ала-темгил тоо: арасындагы кыргыз айылында Айдарым аттуу ырчы жигит Миңаруу деген келинчеги, тестиер курактагы уулу, кызы менен жашачу экен.
Айдарымдын комузунан чыккан билинер-билинбес, угулар-угулбас, туюлар-туюлбас, кандайдыр кошмок сырдуу кош добушка коңур үнү кошулганда теребел термелип, айлана арбалып, бүт айыл мемиреп, алтургай түндүк үстүнөн учуп бараткан торгой да керемет күү-обонго назар байлап, сапарын карытып, түндүккө уя салууну көздөгөн экен.
Уруят күндөрдүн биринде түк калтырбай түрө чаап келаткан жоо кабарынан мүлдө айыл булуң-буйткага көчө качат. Айдарым түндүгүндөгү торгойдун уясын даап бузалбай, уук чечпей журтта калат. Жоо келип, ээн калган журттагы жалгыз боз үйдү көргөн Кол башчы вазирин жумшап: «бу кандай жүрөгү бүтүн үркпөгөн неме, билип келчи?» дейт. Вазир Айдарымга сүзө качырып келип: «кыйынсыңбы кыр көргөзүп, эмне көчө качпадың?» дегенде Айдарым түндүктөгү торгойдун жумурткалуу уясын көргөзүп: «кереге жыйып, уук чечсем уя урап тукум курут болот, убалдан коркуп, качпадым!» деген жообун айтат.
Вазир кайтып келип: «түндүгүндөгү торгойдун уясын бузгандан уялган кем акыл, айнык экен…» дегенде айраң таң Кол башчы өзү атайы бастырып барып, түндүктөгү торгойдун уясын бир тиктеп, камчынын учу менен Миңаруунун үрбүлчөгүн көтөрүп, айдай жүзүн көрүп, көз кыры менен Айдарымдын айбаттуу мизин көрүп: «Мен канча айылды талкалап, журт өрттөп, конуш буздум, сен болсо түндүгүңдөгү бир макулуктун уясын коргоп, бүтүндөй бүлөң менен өлүмдөн коркпой ажалыңа тик карадың. Мен сенин жүрөгүңдүн жумшактыгынан, адамдык мээриңдин кеңдигинен өмүрүңдү да, элиңди да тукум курут кылуудан кайттым» деп таазим кылып аскерин жыйып кайтып кеткен экен.
Улуу журт уул-кыздарын ушундай уламыштарды улап айтып тарбиялап, муундан-муунга жеткирип келишти…
…үзүп албайлычы…
* * *
Чаарчыктуу эликти атпаган, ак төгүлгөн жерди да баспаган, бейчеки ырыскысын да чачпаган, малын да башка чаппаган, тулпардын да ооздугун жөндөн-жөн какпаган.
Көктөгөн бутакты кеспеген, суу ичкен булакты кечпеген, «тукумуң кыйналат, ая» деп бооз малды аздектеп теппеген.
Чымчыктын уясын бузбаган, жылдызды жазданып уктаган, булбулдун үнүнөн башканы суктанып, тамшанып укпаган.
Жыланга ак чачып узаткан, жаз күндү пейлинен кучактап, коркпогон кылычтын мизинен, сактанган көмүскө тузактан элимдин өткөнүнө баш ийип, атпай журтумдун нускалуу кебин муюп уккан кыргызыма таазим!
Чач
«Кыздын кырк чачы улуу» дейт кыргызда, асылзаада айымдарга сый-урматымды билдирип, мээрими ааламдай кең энелердин үлгүсү, таалими азыркы күндө кыз-келиндерибиздин дээринде көңүл жылытарлык орду бар же жок экендигин айгинелөө үчүн жарыяланды.
Боз балдардын эрдигин дагы, кош этектин делбирин дагы көз жаздымдан түшүрбөгөн кыргызымдын айымдары: «Кызга кырк үйдөн тыюу», «Кыз бар үйдө кыл жатпайт» деген ж.б.у.с жазылбаган нарк мыйзамдары менен тарбияны кыйытып, таасирди уютуп, атанын куту, эненин сүтү менен ар-намыс, абийир, адеп, иймен-ийкем, сый-урмат түшүнүктөрүн учурга түгөл жеткирип келишпедиби.
Айыл алаканга салгандай көрүнгөн айдөөш жерде чоң апа ийик ийрип отурду. Жанында беш таш ойноп шаракташкан небере кыздары.
Четтеги боз үйдөн кумган чылапчын көтөрө чыккан, бой жетерге чамалаш кыздар чачтарын жазып, бири-бирине кезек менен суу куюшуп, чылапчындан суу ашырбай баштарын жуушту дагы, мал баспаган таштын коңулуна сууну жашырып төгө үйгө жөнөштү. Саресептеп отурган чоң апа: «Чач жууган суусун дагы бейтарап чачпаган, жан жок жерде да адебин сактаган, садагаларым! Сан кылым ашкан наркыңдан айланайын, Улуу журтум!» деп алкап, жашылданган көздөрү менен неберелерин бооруна кысып эркелетип жиберди…
* * *
Кыз бала – беш көкүл кыз – секелек – селки – келин – жубан — эне… Чач аялдын көркүн, сулуулугун, ыйманын гана далилдебестен, жүрүш-туруш ыйбаасын, өзүнө болгон сый-урматын да далилдеген. Чачтын аял үчүн табигый касиети гана эмес, аны карап багуу, кам көрүү, чачтын нукуралыгын сактоо үчүн атайы аракеттер жасалгандыгын билебиз. Чач аял үчүн сулуулук эталонунан тышкары, сакралдык касиетке да ээ болгон. Чачтын коюлугу, узундугу, тазалыгы, чач жасалгаларынын айырмачылыгы, керек болсо чач өрүмдүн түрү дагы асылзат селкилердин социалдык статусун белгилесе, аялдын чачынын жасалгасы анын жан жолдошунун ким экендигин, кандай экендигин, эл арасында кадыр-баркынын деңгээлин аныктап койгон.
Кыргыз айымынын чачына кичинесинен эжеси, энеси, чоң апасы тарабынан кам көрүлүп, ага кандай шартта, кантип чачты жакшы абалда алып жүрүш керек экендиги үйрөтүлгөн. Ал гана эмес, кыздын барар жерине, үй-бүлөдөгү ордун аныкташ үчүн да таалим-тарбиялар үйрөтүлгөн.
Алмустактан башка улуттар сыяктуу эле кыргыз адам баласынын баш мүчөсүнө өзгөчө маани беришип, ага ылайык баш кийимге гана эмес, башты каптап турган чачка да астейдил мамиле кылышкан. Табигый таасирлерден сактаныш үчүн кыргыз аялдары баш кийимдин ордуна секелек кезден баштап атайы топулардан тартып жоо-луктардын түрүн салынып, салтанаттарга шөкүлө, элечектерди заңкайта кийип, чачтарына салмактуу, көп сандагы жасалгалардан чач учтуктарды кооздук жана дене-боюнун сымбаттуу, омурткалардын түз болушу үчүн тагынып, чачтарын атайы көрктүү чач кап менен жапкан учурлары болгон.
Кыргыз эне наркында баш жууган самынына, чач тараган таракка чач калтырууну, жоолуктан чачтын булайып чыгып турушун, саамай чачтардын иретсиз саксайышын адепсиздик, тарбиясыздык катары эсептешип, чачын карай албаган, узун чачын күтө албаган кыз турмуш-тиричиликте да үй оокатка бүйрө эмес, жүдөө деп эсептешкен.
Таалим-тарбиясынын шарапаты азыркыга чейин касиетин жоготпогон энелерге түбөлүк ызаат билдирели!
Жоолукчан кыз
Кыз кабары, каадасы менен келген үркөр топ жигиттер өргөөнүн ичин шаңга бөлөдү.
Кайын журтка кадыры өтүп, калың бычкан, эрезеге жетип калган Айдеми жеңе кайын сиңдилеринин серпилген селкинчектеги жүрүмүн, кыл жатпас кымбаттуу турумун айтып аяктап, сөзүн улады: «Бизде никеси жанган, согончогу канабаган, эмдигиче сонуну да тарабаган ЖООЛУКЧАН КЫЗЫБЫЗ бар» деди жылмая.
«Аруу жандын амандыгын, эл-жердин эсендигин тилейбиз, жеңе, үйүңүзгө үйөрлөп береке келе берсин!» деген изги бата айтылып, жигиттер жолго чыгышты. Жолдо топтун кенжеси жигит башыга кайрылып, ЖООЛУКЧАН КЫЗ тууралуу суроо салды.
Кыргыз наркында күйөөсү өлгөн (жесир) же күйөөдөн чыккан, ажырашып келген деп кемсинтип, кемите атабай, арийне жолун ачып «ЖООЛУКЧАН КЫЗЫБЫЗ» деп жогору көтөрө кепке кошуп айтылган.
Баарын байкап, баралга келтирген Нарктуу журтум!
* * *
Кутман кыргызым бардык нерсенин сырын тарткан, сырдакана ой жоруган. Өз боору тургай, асмандагы куштан баштап жердеги кыбыраган жандыкка чейин кам көргөндүктөн, тууган-туушкан, жек-жааттын да коомдогу ордун тапканына кызыкдар боло, керектүү шарттарда жеке жакынынын жашоо-тиричилигине кийлигишүүнү туура көрүшкөндүктөн, азыркыдай жалгыз бой жигиттер, башы бош аял заты дээрлик болбогон. Кайсы бир турмуш-шарттан жолу болбогон же кандайдыр бир себептен түгөйүнөн ажырап калгандар тууган-урук, атайы сөз билги, салт билген жан күйөр санаалаштары аркылуу орун-очок таап, бактысына эгедер болуп кетишкен.
Салтыңдан кагылайын, Улуу журттун ыйык наркы!
(Уландысы бар)