Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыБайдендин рак оорусуна чалдыкканы кабарланды

Байдендин рак оорусуна чалдыкканы кабарланды

АКШнын мурдагы президенти Жо Байденге простата рагы диагнозу коюлганын анын кеңсеси билдирди. Бул тууралуу BBC маалымдады.

Маалыматка ылайык, өткөн жума күнү Байденде Глисон шкаласы боюнча 9 баллдык деңгээлдеги, жогорку даражадагы простата рагы аныкталган.

«Оору агрессивдүү түрдө жүрүп жатканына карабастан, рак гормондорго жооп кайтарып жатканы аны дарылоого жакшы мүмкүнчүлүк түзөт», — деп айтылат билдирүүдө.

Байден жана анын үй-бүлөсү учурда дарылоо жолдорун караштырып жатканы белгиленди.

Улуу Британиядагы Cancer Research уюмунун маалыматына ылайык, Глисон шкаласы боюнча 9 балл оору өтө жогорку даражадагы рак болуп эсептелет жана бул түрү рак клеткаларынын организмде ылдам жайылышына алып келиши мүмкүн.

Гезит

Реформатор редактор, таланттуу калемгер

А.Матисаковду эки чылбырды бирдей кармаган чабандес сыяктуу жазуучулук менен журналисттик кесипти эриш-аркак алып жүргөн калемгер деп айтсак болот. Ага “Ленинчил жаш” газетасы журналисттик мектеп...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар