Карамагында Facebook, Instagram социалдык тармактары жана WhatsApp мессенжери бар ммерикалык Meta компаниясы болжол менен кызматкерлеринин 10%ын, тагыраагы 8 миң адамды иштен кетирүү ниетин билдирди. Бул чечим компаниянын жасалма интеллект технологияларына чоң инвестиция салуусу менен байланыштуу.
Бейшемби күнү компания кызматкерлерине пландалган кыскартуулар тууралуу маалымдады. Ошондой эле буга чейин пландаган миңдеген бош орундар толтурулбай турганын кошумчалады.
Кыскартуулардын негизги себеби — Metaнын жасалма интеллект технологияларын иштеп чыгууга кеткен ири чыгымдары. Бул жылы эле компания бул багытка 135 миллиард доллар жумшоону пландап жатат. Бул сумма акыркы үч жыл ичинде жасалма интеллектке сарпталган жалпы каражатка барабар. Metaнын расмий өкүлү кыскартуулар боюнча пландарды тастыктады, бирок кененирээк комментарий бере элек.
Эске салсак, ушул жылдын январь айында компаниянын негиздөөчүсү жана башкы директору Марк Цукерберг быйыл дагы кыскартуулар толкуну болушу мүмкүн экенин кыйыткан.