Зеленский Трамп менен жолугушаарын жарыялалы

Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын президенти Дональд Трамп менен согушту токтотууга багытталган жаңы жолугушуу болорун жарыялады. Украиналык маалымат каражаттарынын маалыматына караганда, Зеленский жекшемби күнү АКШга сапар алат.

Президенттин айтымында, жолугушуу жакынкы күндөрү өтүшү мүмкүн жана «жаңы жылга чейин көп нерсе чечилиши ыктымал».

«Бир да күндү текке кетирбейбиз, — деп жазды Украина президенти X социалдык тармагындагы баракчасында. — Эң жогорку деңгээлдеги жолугушуу боюнча макулдаштык — жакынкы аралыкта президент Трамп менен жолугабыз. Жаңы жылга чейин көп нерсе чечилиши мүмкүн», — деди Владимир Зеленский.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз