whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
29.04.2025
19.5 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүМамилелердин жаңы деңгээли

Мамилелердин жаңы деңгээли

Ошентип, Борбор Азия мамлекеттеринин жана Европа Биримдигинин жетекчилеринин үлкөн жыйыны өттү. 2022-жылдан бери Батыш өлкөлөрүнүн лидерлери Борбор Азияга ат тезегин кургатпай каттай баштаганы жана регион менен реалдуу кызматташууга муктаж боло баштаганы анык.

2022-жылы 27-октябрда Казакстандын борбору Астанада “Борбор Азия–Европа Биримдиги” форматында лидерлердин жолугушуусу өткөн. Евробиримдик менен Борбор Азиянын 5 өлкөсү 2023-жылы карым-катнашты чыңай турган «жол картасына» кол койгон. Медиага таратылган маалыматта расмийлер бул иш-чара мындай форматтагы алгачкы саммит экени айтылган.

Чындыгында хронологиялык жактан бул биринчи саммит эмес. 2023-жылы 2-июнда “Борбор Азия–Европа Биримдиги” саммити Кыргызстанда өткөн. Чолпон-Ата шаа-
рындагы чоң жыйынга Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын лидерлери, Түркмөнстандын вице-премьер-минис-три жана Европа Кеңешинин ошол кездеги төрагасы Шарль Мишель жетектеген бараандуу делегациясы келип катышып, биргелешкен пресс-коммюникеге кол коюшкан. Пресс-коммюникеде Борбор Азия менен Европа Биримдигинин кызматташтыгын стратегиялык өнөктөштүккө айлантуу, мамилелердин деңгээлин жогорулатуунун жана алакалардын мазмунун байытуунун жаңы платформалары менен институттарын түзүү зарылдыгын белгилешкен. Демек Борбор Азия менен Европа Биримдигинин лидерлеринин Самарканддагы жолугушуусу ага чейинки жогорку деңгээлдеги жана министрликтердин ортосундагы алакалардын логикалык уландысы.

Арийне, Өзбекстандагы саммит бир нече өзгөчөлүгү менен айырмаланат.

Биринчиден, геосаясий кырдаал өтө ыкчам өзгөрүп жатат. Европанын эзелки союздашы АКШ Европа биримдигин оюндан четтетүүгө, алсыздандырууга багытталган конфронтациялык саясат жүргүзүп жаткан кези. Вашингтон бүтүндөй дүйнөгө тарифтик согуш жарыялады, бирок баштай элек. Баштаса баарына, ири алдыда өзүнө кесепети көбүрөөк тиет. Европа, Азия, чексиз мухит Кытай, Индия Трамптын тарифтик конфронтациясына каршы кескин позицияларын билдирди. Аналитиктер белгилегендей, дүйнө турбуленттик абалга  тушукту.

Экинчиден, “Америка кайрадан кудуретке ээ болду” деп жар салып, өзүмчүл жана прагматикалык кадамдарды жасаганы менен, эл аралык абалдын жападан жалгыз субъектиси болуудан калды. Тескерисинче, калган дүйнөнү селт эттирди, чыйралтты, изденүүгө, бир оюнчунун жетегинен чы-гууга мажбурлады.

Үчүнчүдөн, Борбор Азия бир бүтүндүккө ыктап, ич ара карама-каршылыктарга себеп болгон көйгөйлөрүн чечип алды. Маселен, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан талаш болуп келген чек араларын тактап алды. Баары тең биримдикте болууга умтулуп, биргелешкен долбоорлорго катышууда.

Дал ушундай шартта өткөн саммитке кыргыз лидери Садыр Жапаров ба-раандуу сунуштар менен барып, маанилүү сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Ал Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары тереңдетүү, анын ичинде соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо маселелерин талкуулады.

Андан соң Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен жана Европа кеңешинин башчысы Антониу Кошта менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Рес-публикасынын жана Европа комиссиясынын ортосундагы кызматташтыкты ырааттуу өнүктүрүү, анын ичинде соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, инвестицияларды тартуу жана туруктуу өнүктүрүү чөйрөсүндөгү демилгелерди ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Президент Садыр Жапаров Евробиримдиктин жетекчилери менен кездешкенинде кызматташуунун негизги багыттарынын бири Кыргызстандын чыныгы көз карандысыздыгын чыңдоого багытталган жаңы транспорттук байланыштарды өнүктүрүү, ошондой эле Кыргызстандын бай жаратылыш ресурстары, анын ичинде пайдалуу кендер жана кайра жаралуучу энергиянын олуттуу потенциалы европалык инвесторлор үчүн жагымдуу тармак экенин белгиледи. Европа мамлекеттери муктаж болгон сейрек металлдарга бай Кыргызстан менен Европа биримдиги кызматташуусунун мүмкүнчүлүгү өтө чоң экенин “Кыргыз Туусу” гезити 4-апрелдеги санында кенен баяндаган.

“Келечекке инвестиция” деп аталган саммиттин жыйынтыгы боюнча Европа Биримдиги менен Борбор Азия ортосундагы карым-катышты стратегиялык деңгээлге көтөрүүнү көздөгөн декларацияга кол коюлду. Эң кызыгы, декларацияда лидерлер Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы кеңири өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө 2024-жылы кол койгон макулдашууну кубаттап, эми Өзбекстан менен Тажикстан ушундай эле документке кол коё турганына үмүтүн билдиришти. Андан тышкары, Өзбекстанда Европа инвестициялык банкынын (ЕИБ) аймактык кеңсесин ачуу боюнча келишимге кол коюлду.

Аймактык офистин ачылышы Борбордук Азияга, атап айтканда, жашыл экономика, инновациялык өнөр жай жана инфраструктуралык долбоорлор чөйрөсүндө чет элдик инвестициянын көлөмүнүн өсүшүнө салым кошмокчу.

27 өлкөдөн турган Евробиримдик сөздөн ишке өтүп, Брюссель өзү “мамилелердин жаңы доору деп атагандай, Борбор Азияга 12 млрд. евро инвестиция сунуштады. Евросоюз соодага жана инвестицияга көңүл бөлүү менен Борбор Азияга 2021-жылы сунуштаган «Аалам каалгасы» (Global Gateway) планы алкагында бул аймакка сунушталган долбоорлорду ишке ашыруу-га умтулаары түшүнүктүү. «Аалам каалгасынын» башкы таянычы – Борбор Азиядагы Транскаспий транспорт коридору. Бул Росссияны айланып өтүп, Борбор Азия менен Кавказ аркылуу Европа жана Кытайды байланыштырган, узундугу 6500 км соода маршруту. Транскаспий коридору дүйнөгө чыгууда тоскоолдукка кабылып келген Кыргызстан үчүн жакшы мүмкүнчүлүк, анткени биздин өлкө үчүн кандай транспорттук-логистикалык долбоорлор болбосун, пайдалуу. Түштүккө же Батышка карай жол ачкан кандай гана долбоор болбосун
бизге зарыл.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар