Башкы беткеМаанилүүАдылбек Касымалиев расмий сапар менен Вьетнамга барат

Адылбек Касымалиев расмий сапар менен Вьетнамга барат

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев үстүбүздөгү жылдын 6-7-мартында Вьетнам Социалисттик Республикасына расмий иш сапары менен барат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Визиттин алкагында Вьетнамдын жогорку жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр пландаштырылган, анын жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарын, саясий диалогду бекемдөө, соода-экономикалык байланыштарды жана инвестициялык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.

Кыргызстан менен Вьетнамдын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө багытталган бир катар эки тараптуу келишимдерге кол коюлат.

Мындан тышкары, Адылбек Касымалиев өлкөнүн бир катар тарыхый-маданий мурас объекттеринин ишмердүүлүгү менен таанышат.

Экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулат. МинКаб башчысы бизнес-диалогго катышат жана Вьетнамдын бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушат. Иш-чаранын алкагында соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу келечеги талкууланат.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар