whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.06.2025
37.6 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүА.Касымалиев Франциянын тышкы соода министрин кабыл алды

А.Касымалиев Франциянын тышкы соода министрин кабыл алды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстанга иш сапары менен келген Франция Республикасынын тышкы соода жана чет өлкөлөрдөгү француз жарандары боюнча министри Лоран Сен-Мартенди кабыл алды.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын, анын ичинде соода, экономика, инвестиция жана туризм тармагындагы маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

“Кыргызстан туруктуу экономикалык өсүшкө умтулат жана эл аралык кызматташтык үчүн ачык. Биз ачык-айкындуулукту жогорулатууга, ишкердик климатты жакшыртууга жана инвестиция тартууга багытталган масштабдуу реформаларды жүргүзүп жатабыз”, — деп Адылбек Касымалиев баса белгиледи.

Ал ошондой эле инвесторлордун укуктарын коргоо, бизнесте мыйзамдын үстөмдүгүн жана ачык-айкындуулукту камсыз кылуу максатында маанилүү ченемдик-укуктук актылар кабыл алынып, бул иш улантылып жатканын айтты. Бул контекстте ал биргелешкен долбоорлорду координациялап, соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо үчүн аянтча катары кызмат кыла турган кыргыз-француз өкмөттөр аралык комиссиясын түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Өз кезегинде Лоран Сен-Мартен жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларды жогору баалады. Ал өлкөдө болуп жаткан оң өзгөрүүлөр жалпы регионго таасирин тийгизип, өнөктөштүк үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканын баса белгиледи.

Министр Франциянын эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын демилгелерин колдоого даярдыгын тастыктады жана француз тараптын туризм жана жашыл энергетика сыяктуу тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин белгиледи.

Жыйынтыгында тараптар бул жолугушуу кыргыз-француз өнөктөштүгүн тереңдетүү жана кызматташтыктын жаңы горизонтторун ачуу үчүн бекем негиз болот деген ишенимин билдиришти.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар