whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
12.11.2025
8.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүү300 орундуу ишкана ачылды

300 орундуу ишкана ачылды

Чүй облусунда заманбап «KG TEX» тигүү ишканасы ишке кирди. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышып, бул долбоордун маанилүүлүгүн белгиледи.

«KG TEX» ишканасы быйыл ишке киргизүү планына киргизилген 134 өнөр жай объекттеринин бири болуп саналат. Расмий ачылышы өлкөнүн Эгемендүүлүк майрамында өткөн. Жаңы өндүрүш аркылуу 300 жумуш орду түзүлүп, аймактын экономикасына жана калктын жашоо-турмушуна оң таасирин тийгизери күтүлүүдө. Ишкана заманбап жабдуулар менен камсыздалып, жумушчулар үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Өндүрүштүк кубаттуулугу айына 100 миң даанага чейин кийим тигүүгө жетип, продукциялар ички рынок менен катар ЕАЭБ өлкөлөрүнө да экспорттолот.

Долбоор мамлекет, жеке сектор жана эл аралык өнөктөштөрдүн кызматташтыгынын негизинде ишке ашты. Кыргызстан-Азербайжан өнүктүрүү фонду ишкананы ачуу үчүн 930 миң доллар инвестиция салып, жалпы долбоордун наркы болжол менен 2 миллион долларды түздү.

Бакыт Төрөбаев белгилегендей, мындай жаңы өндүрүштүк объекттерди ачуу Министрлер Кабинетинин жылына 100 өнөр жай ишканасын ишке берүү демилгесинин алкагында жүрүп жатат. 2025-жылы пландалган 134 ишкананын ичинен 76сы учурда колдонууга берилген. Ал эми үстүбүздөгү жылдын сегиз айында тигүү өнөр жайында өткөн жылга салыштырмалуу 15,6 пайыз өсүш катталды.

Жаңы тигүү фабрикасынын ачылышы мамлекет менен ишкерлердин жана өнөктөш тараптардын жемиштүү кызматташтыгынын жыйынтыгы катары бааланып, Кыргызстандын өнөр жай тармагын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болду.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар