Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыКанада, Австралия жана Улуу Британия Палестинаны мамлекет катары таанышты

Канада, Австралия жана Улуу Британия Палестинаны мамлекет катары таанышты

Канада, Австралия жана Улуу Британия Палестинаны мамлекет катары тааный турганын жарыялашты. Бул тууралуу аталган өлкөлөрдүн премьер-министрлери расмий социалдык тармактарындагы баракчаларында билдиришти.

Өлкөлөрдүн лидерлери мындай чечим Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдын тынч жол менен чечилишине өбөлгө түзүп, көз карандысыз палестин мамлекети тууралуу үмүттү кайра жандантат деп белгилешүүдө. Ошол эле учурда Газа секторунда аскердик аракеттер уланууда.

Маалым болгондой, быйыл жайында бир катар батыш мамлекеттери — Франция, Улуу Британия, Португалия, Канада, Австралия жана Бельгия — Палестинаны тааный турганын БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыл сайынкы сессиясында жарыялай турганын билдиришкен. АКШ болсо мындай кадамга каршы экенин билдирүүдө.

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар