Башкы беткеЖогорку КеңешБишкекте III Парламенттер аралык форум өтөт

Бишкекте III Парламенттер аралык форум өтөт

2025-жылдын 23-сентябрында Бишкек шаарында «Борбордук Азия өлкөлөрүнүн парламенттери: аймакты ар тараптуу өнүктүрүү үчүн натыйжалуу чечимдер» аттуу III Парламенттер аралык форум өтөт.

Иш-чарага Борбордук Азия мамлекеттеринин парламент төрагаларынын катышуусу күтүлүүдө. Форумдун негизги максаты — өлкөлөрдүн парламенттер аралык кызматташтыгын чыңдоо, туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоо, миграциялык процесстерди жөнгө салуу жана санариптик чөйрөнү өнүктүрүү болуп саналат.

Форумдун алкагында «Миграция жана эмгек агымдары: жарандардын укуктарын мыйзамдык жактан камсыздоо жана экономиканын туруктуулугу», «Инвестициялык климатты жакшыртуу жана Борбордук Азия мамлекеттеринин экономикасынын ачыктыгын жогорулатуу боюнча мыйзам чыгаруу чаралары», «Парламенттер жана санариптик суверенитет: киберкоопсуздук, санариптик чөйрөнү укуктук жөнгө салуу» сыяктуу темалар талкууланат.

Эскерте кетсек, биринчи форум 2023-жылы Казакстанда, экинчиси 2024-жылы Өзбекстанда өткөн.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар