Башкы беткеСаясат жана коомКоомӨкмөт башчы Жалал-Абадда курулуш иштеринин жүрүшүнөн кабар алды

Өкмөт башчы Жалал-Абадда курулуш иштеринин жүрүшүнөн кабар алды

Бүгүн, 7-августта Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында бир катар курулуш объекттеринде жүрүп жаткан иштер менен таанышты. 

Алгач Адылбек Касымалиев  президенттин Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүн жана калаа мэриясынын имаратын куруудагы иштерден кабар алды.

Жалпы 5 блоктон турган имаратты куруу иштери өткөн жылдын августунда башталып жакында бүткөрүү пландалууда. Бул үчүн Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан 1 млрд 650 млн сом бөлүнгөн. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин иш жүргүзүүсү үчүн бардык заманбап ыңгайлуу шарты менен курулуп жаткан административдик имаратта учурда кабинеттерди техникалык жабдыктар менен жабдуу, жалпысынан көрктөндүрүү-жашылдандыруу иштери жүрүүдө.

Андан соң, өкмөт башчы Адылбек Касымалиев Сузак районунда курулуп жаткан Н. Алыкулов атындагы № 71 жалпы билим берүүчү мектебине барды. Жалпы 750 орундуу мектепти курууга республикалык бюджеттен 451 млн сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Курулуш иштеринин 85%зы аяктап калган мектепте учурда ички бөлмөлөр, спорт залынын полу, актоо-сырдоо иштери аткарылууда.

Иштин жүрүшүн жеринде көрүп чыккан Адылбек Касымалиев курулуштун сапатына өзгөчө көңүл бурууну жана планга киргизилген объекттерди өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине тапшырды.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар