whatsapp: +996 501 86 00 89
call-squared
тел: +996 508 07 07 20
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
08.02.2026
-1.9 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларМаданият жана адабият“Туткун” көркөм фильми тартылды

“Туткун” көркөм фильми тартылды

Белгилүү кинорежиссер Тимур Бирназаровдун жаңы көркөм фильми тартылып бүттү. Көркөм тасма Кыргыз эл жазуучусу Арслан Капай уулу Койчиевдин “Тагдыр жөнүндө ыр” аңгемесинин негизинде тартылган.
2021-жылы “Бийиктик плюс” басмаканасында жарык көргөн бул аңгемеде XX-кылым менен кошо бу жарык дүйнөгө келип, дүйнөлүк эки согуштун азап-тозогун көргөн кишинин тагдыры баяндалат, махабаты ырдалат.
Экинчи дүйнөлүк согуштагы туткунга түшкөн кыргыздар темасы кыргыз көркөм өнөрүндө гана эмес, тарых изилдөө илиминде алигиче чоочун тема, мен тарыхчымын дегендер өзүн оолак кармаган кооптуу тема, козгогонго оңой менен киши даабаган опуртал тема. Адабиятта жаңы, киноисскустводо дың тема.
Арслан Койчиевдин киного негиз болгон аңгемесинде ошол туткун аркылуу бүтүндөй муундун тагдыры — урушканы, качканы, кайра согушка аттанып, колго түшкөнү, мекенине кайтканы, кайтпай бөтөн жерде калганы, кыскасы миңдеген кишилердин жана алардын үй-бүлөсүнүн тагдыры, алардын арзуусу менен арманы сыяктуу маселелердин тегерегинде түркүн ойго жетелейт. Аңгеменин аткарган миссиясы, арбын, көркөмдүгү жана күчү ушунда.
Тимур Бирназаровдун көркөм фильми негизинен Германияда тартылып, таланттуу кыргыз актерлору менен бирге немис актерлору да ролдорду аткарган.
Фильмдин бет ачары 24-январда “Ала-Тоо” кинотеатрында өтмөкчү.

Гезит

Науру Республикасы

Борбору жок өлкөОкеания аталган, Тынч океандагы аралдарда чакан мамлекеттердин катарына кирген өлкөлөр бар: Гуам, Папау, Маршалл аралдары, Тувалу, Науру ж.б. Бир аймакта жашагандыктан, климаты,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар