Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө” мыйзамынын долбоору каралып, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясын жактыруу жана аны Комитеттин сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен биринчи окууда кабыл алууну Жогорку Кеңешке сунуштоо жөнүндө корутунду берди.
Чү дегенде айтып коюу керек, мыйзам долбоору коомчулукта кызуу талкууга алынып, негизинен колдоого ээ болуп жатат.
Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев “Кыргыз радиосуна” берген маегинде мамлекеттүүлүктүн жана улуттун өз жолу менен уланып жатканын көрсөтүүчү маанилүү белги катары мамлекеттик сыйлыктарды берүүдө ырааттуулук жана салттуулук сакталууга тийиш экенин туура жана калыс билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруунун азыркы системасы өзгөрүүлөргө муктаж жана сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүлүшү зарыл.
Мамлекеттик катчы коомчулукта “сыйлыктар татыксыз адамдарга берилип жатат” деген сын-пикирлер көп айтылып жатканын белгилеп, бул нааразычылыктын негизги себеби критерийлердин так эместигинде экенин айтты.
Арслан Койчиев сыйлыктарды бе-рүүнүн талаптарын кайра карап чыгып, аларды кыйла жогорулатуу керектигин белгиледи. Анын айтымында, бул багыттагы демилгелерди көтөргөндөрдүн бири өзү экенин да кошумчалады.
“Бул наамдар адабиятыбыздын, улутубуздун алптарына тиешелүү. Кийинки жылдары бул сыйлыктардын айланасында сын-пикирлер жаралып жатат. Эгерде критерийлерди жогорулатып, айырмаланган, сапаттуу система түзсөк, анда сыйлыктардын кадыр-баркы дагы да артмак”, — деди Арслан Койчиев. Анын белгилешинче, мамлекеттик сыйлыктар коомдо бөлүп-жарууга эмес, бириктирүүгө кызмат кылышы керек жана бул үчүн системалуу, ойлонулган реформалар зарыл.
Мыйзам долбоорунун негиздемесинде: долбоордун максаты жарандардын мамлекет жана коом алдында сиңирген эмгектерин моралдык жактан таанууну чагылдырган жогорку ардак наамдар системасын түзүү болуп саналары, ал эми бул иш өлкөдөгү мамлекеттик сыйлыктарынын колдонуудагы системасын ирээтке келтирүү, мамлекеттик сыйлыктарды жана ардак наамдарды ыйгаруу маселелерин жөнгө салуу жаатындагы укуктук ченемдерди актуалдаштыруу жана өркүндөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасында мамлекеттик сыйлыктардын жана наамдардын кадыр-баркын, коомдук маанисин жана абройун жогорулатуу экени айтылган.
Бүгүнкү күндө мамлекеттик сыйлыктар системасы мамлекеттик сыйлыктарынын, ардак наамдарынын жана мамлекеттик сый акыларынын 46 түрүн өзүнө камтыйт. Мамлекеттик сыйлыктар системасын өркүндөтүүнүн алкагында мыйзам долбоорунда “Эрдик” орденин (даражасы жок) жана “Кыргыз Республикасынын жаратманы” жана “Кыргыз Республикасынын сыймыгы” эки ардак наамын уюштуруу менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын, ардак наамдарынын жана мамлекеттик сый акыларынын 20 түрүн кароо сунушталган.
Анда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө” колдонуудагы мыйзам жарандардын эмгектерин таануунун негизги критерийи кесиптик таандыктык болгон шарттарда түзүлүп калганы, ардак наамдардын басымдуу көпчүлүгү тармактык мүнөзгө ээ жана конкреттүү кесиптерге байланыштуу болгону, мисалы, “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери”, “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген билим берүү кызматкери”, “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу” ж.б., мамлекеттин жана коомдун азыркы өнүгүү шарттарында калыптанган ыкмаларды кайра карап чыгууну талап кылган жаңы милдеттер пайда болгону белгиленген. Бүгүнкү күндө коомдук аң-сезимде кесиптик статусту эмес, инсандын салымынын моралдык-адеп-ахлактык, патриоттук жана коомдук маанисин чагылдыра турган эмгектерди таануунун универсалдуу, рухий жактан маанилүү формаларына болгон муктаждык өсүп жатканы эске алынып, буга байланыштуу мыйзам долбоорунда мамлекеттик деңгээлде беш ардак наамды сактап калуу жана уюштуруу сунушталган: “Кыргыз Республикасынын жаратманы”, “Кыргыз Республикасынын сыймыгы”, “Кыргыз Республикасынын эл артисти”, “Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу” жана “Кыргыз Республикасынын эл
сүрөтчүсү”.
Мыйзам долбоорунда мамлекеттик сыйлыктар төмөнкү категорияларга бөлүнгөн:
жогорку категориядагы мамлекеттик сыйлык – “Кыргыз Республикасынын
Баатыры” Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасы;
өзгөчө категориядагы мамлекеттик сыйлыктар:
а) “Ата Мекен Баатыры” Кыргыз Республикасынын артыкчылык даражасы;
б) “Эмгек Баатыры” Кыргыз Республикасынын артыкчылык даражасы;
биринчи категориядагы мамлекеттик сыйлыктар:
а) I даражадагы “Манас” ордени;
б) II даражадагы “Манас” ордени;
в) III даражадагы “Манас” ордени;
г) “Курманжан Датка” ордени;
д) “Эрдик” ордени;
е) “Даңк” ордени;
ж) “Достук” ордени;
з) “Баатыр эне” ордени;
4) экинчи категориядагы мамлекеттик сыйлыктар:
а) “Даңк” медалы;
б) “Эне даңкы” медалы.
Кыргыз Республикасынын ардак
наамдары:
1) “Кыргыз Республикасынын эл артисти”;
2) “Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу”;
3) “Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү”;
4) “Кыргыз Республикасынын жаратманы”;
5) “Кыргыз Республикасынын сыймыгы”.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сый акылары:
1) Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акысы;
2) Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысы.
Айта кетчү нерсе, коомчулуктагы талаш – “Кыргыз Республикасынын эл акыны” наамынын мамлекеттик наамдардын тизмесинен алынып салынышы тегерегинде болуп жатат. Эл акыны наамын алып салууга каршылардын аргументи бирөө гана. Жазуучу менен акын эки башка түшүнүк. Жазуучу – кара сөз жазат, акын – ыр жазат. Чыгармачыл союздун аталышы – Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзу аталган менен, акын-жазуучулар деп бөлүнүп айтылат. Айрым депутаттар төкмөлөрдү кантип жазуучу дейбиз, өздөрү гана чаташпастан, өзгөлөрдү да чаташтырып жатат. Мындан 7-8 жыл мурда Жогорку Кеңештин ошол кездеги бир депутаты демилгеси менен Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген эл артисти наамы бар төкмөлөргө Кыргыз эл акыны наамы берилип кеткен. Чаташтык ошондон башталып, анын кесири азыр тийип отурат. Төкмөлүк – синкретикалык өнөр. Ал акындыкка караганда, артистикке жакын. Төкмө сахнага чыгып алып төгүп ырдайт, акынга окшоп бир бөлмөгө жашырынып отуруп жазбайт. Төкмөлөргө КРнын эл артисти наамы берилгени туура. Союз учурунда Калык Акиев, Осмонкул Бөлөбалаев, Алымкул Үсөнбаев, Токтоналы Шабданбаев баштаган төкмө акындарга Кыргыз ССРинин эл артисти наамы берилген. Анан эле акыркы он жылдыкта төкмө акындарга Кыргыз Республикасынын эл акыны наамы берилип калышы ойдо жок окуя, мыйзамга жатпаган иш болуп калды. Же төкмөлөр өздөрү унчукпайт, же аларга эл акынын алып бергендер уялбайт дегендей, жыйынтыгы бул.
Андыктан, минтип мамлекеттик наамдардын укуктук-мыйзамдык жактан тартипке салынып жатканы туура. Бирок, акындарды жазуучу, жазуучуларды акындар менен эч чаташтырууга болбойт. Айталы, Аалы Токомбаевди акындык таланты менен катар, жазуучу, драматург, котормочу катары билебиз. Бирок, окурман журту үчүн анын акындыгы өйдө. Ошон үчүн ага Кыргыз эл акыны наамын туура беришкен. Же Омор Султановду алалы. Омор Султанов акын гана эмес, мыкты жазуучу да. Өзү да жазуучулук өнөрү бар экенин, далай-далай романдары чыкканын айтчу. Бирок, эл аны акын катары тааныды. Мамлекет да Кыргыз эл акыны наамы менен сыйлап, урматын билгизди. Түгөлбай Сыдыкбеков да ыр жазган, бирок анын артыкчылыгы жазуулугунда эле, ошон үчүн мамлекет ага Кыргыз эл жазуучусу наамын берген. Чыңгыз Айтматов деле ыр жазган, драма жазган, бирок окурман журту аны жазуучу катары гана билет, мамлекет тарабынан ага Кыргыз эл жазуучусу наамы
берилген.
Демек, Кыргыз Республикасынын ардак наамдары дегенде, жок дегенде “Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу/акыны” деп жазылса туура болмок. Мамлекеттик катчы айрыкча “Кыргыз эл жазуучусу” жана “Кыргыз эл акыны” наамдарынын кадыр-баркы сакталууга тийиш экенин айтты. Биз аны толугу менен колдойбуз. Акындарга эл акыны, жазуучуларга эл жазуучусу наамы бериле бергени эле
туура. Жогорку Кеңештин депутаттары бул өңүттө калыс жана туура чечим кабыл алат деп ойлойбуз.
Мыйзам долбоору менен “Данакер”, үч даражадагы “Эрдик” ордендерин, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын жана экинчи категориядагы “Эмгек сиңирген” деген ардак наамдарын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары системасынан алып салуу менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын жана “Эмгек сиңирген” наамдарын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан уюштуруу сунушталганы эң туура болгон. Мунун өзү бул наамдар кыскартылбайт, тескерисинче иретке келтирилет деп айтсак болчудай.
Союз учурунда “Кыргыз эл артисти”, “Кыргыз эл жазуучусу”, “Кыргыз эл акыны” жана “Кыргыз эл сүрөтчүсү” деген наамдар адабият, искусство, өнөр адамдарына алардын Ардак грамотасы, “Эмгек сиңирген” наамы бар-жоктугуна карабай эле берилчү. Акыркы 34 жылда Ардак грамотасы, “Эмгек сиңирген” наамы жок берилбейт, ар бир наамдын ортосунда беш жыл өтүшү керек дегенди ойлоп табышты да, баары ар бир беш жылда наам, орден үчүн чуркаган “оору” башталды. Эгемендүүлүк жылдарында “сыйлыктар татыксыз адамдарга берилип жатат” деп сын-пикирлер айтылган жагдайлар да түзүлүп кеткен.
Ошондуктан, мамлекеттик сыйлыктар коомдо бөлүп-жарууга эмес, бириктирүүгө кызмат кылуусу үчүн кадамдар жасалып жатканы коомчулук тарабынан колдоого алынат деп ойлойбуз.
Баарыдан мурда, коомдо мамлекеттик сыйлыктарга жана ардак наамдарга нарктуу мамилени, бийик маданиятты калыптандыруу кажет. Өнөр адамдарын көтөрмөлөөнүн советтик моделинен акырындап чыгуу абзел. Кылымдар сыноосунан өткөн дүйнөлүк шедеврлерди жараткан Омар Хайям, Саади, Шекспир, Баласагын, Леонардо да Винчи, Микеланджело, Пушкин, Габриэль Гарсиа Маркес, Хемингуэй сыяктуу генийлердин орден, наамы мамлекеттик сыйлыктары болбоптур. Алар андай сыйлыктарга умтулган да эмес. Бирок алардын чыгармалары дүйнөлүк адабияттын, акыл-ойдун жана көркөм өнөрдүн алтын казынасы.
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,
“Кыргыз Туусу”

