Мамлекеттик салык кызматы ишмердүүлүгүн жүргүзбөгөн юридикалык жактар менен жеке ишкерлерди мажбурлап каттоодон чыгаруу иштерин улантууда. Бул алкакта ведомствонун расмий сайтында жаңы тизме жарыяланып, ага жалпысынан 21 584 салык төлөөчү киргизилди. Алардын ичинен 8 712си юридикалык жактар, ал эми 12 872си жеке ишкерлер.
Белгиленгендей, тизме жарыяланган күндөн тартып 30 календардык күн өткөндөн кийин аймактык салык органдары юридикалык жактарды мажбурлап жоюу жана жеке ишкерлерди каттоодон чыгаруу жол-жобосун баштай алат.
Бул аралыкта кредиторлор жана башка кызыкдар тараптар тиешелүү негиздер болсо, салык органдарына кайрылып, жоюу же каттоодон чыгаруу процессин токтотууну талап кылууга укуктуу.
Салык төлөөчүлөр тизме менен расмий сайттагы тиешелүү бөлүм аркылуу тааныша алышат.
