Башкы беткеРубрикаларАймактарТалас шаарында 40 чакырым ички жолдорду куруу башталды

Талас шаарында 40 чакырым ички жолдорду куруу башталды

Талас шаарында жалпы узундугу 40 чакырымды түзгөн ички жолдорду куруу иштери старт алды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда шаардагы 12 көчөдө толук кандуу курулуш иштери жүрүп жатат. Бүгүн президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаев, шаар мэринин орун басары Айбек Көрөбаев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жол курулушунун жүрүшү менен жеринде таанышты.

Эрмат Жумаев белгилегендей, долбоор президент Садыр Жапаровдун жеке тапшырмасынын негизинде ишке ашырылууда. Каржылоо республикалык бюджеттен жана Президенттин турукташтыруу фондунан бөлүнгөн каражаттардын эсебинен жүргүзүлүүдө.

Анын айтымында, курулуш иштеринин сапаты жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүлүшү өзгөчө көзөмөлдө болот. Ошондой эле алдыдагы Эгемендүүлүк күнүнө арналган иш-чаралар быйыл Талас облусунда өтөрү эске алынып жатканын кошумчалады.

Расмий маалыматка ылайык, биринчи этапта 12 көчөдө жалпы 28 чакырым жол курулууда. Экинчи этапта дагы 7 көчөдө иштер башталат.

Учурда долбоорду ишке ашырууга 5 подряддык компания тартылып, бекитилген графикке ылайык иш алып барууда. Курулуш иштери болжол менен төрт айга созулары айтылды.

Гезит

Где искать спрос

Центральная Азия как рынок для Кыргызстана        Регион перестает быть периферией мировой экономики и все больше функционирует как самостоятельный рынок. Внутрирегиональная торговля растет, производственные связи...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар