Бишкекте балдар жана спорт аянтчаларын куруу сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкек шаарында балдар жана спорт аянтчаларын курууга каражат бөлүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал парламент жыйынында билдирди.

Депутаттын айтымында, борбор калаанын Октябрь районунда эле 52 мындай аянтча куруу зарыл.

Бекешев белгилегендей, бул долбоорлорду ишке ашыруу муниципалитеттин башка чыгымдарына салыштырмалуу көп каражат талап кылбайт.

«Бул Фучик көчөсүндөгү 390 млн сомго курулган тосмонун баасына салыштырмалуу анча чоң эмес каражат», — деди ал.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз