2025-жылы Кумтөрдөн түшкөн киреше рекорддук деңгээлге жетти

0
16676

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кумтөр алтын комбинатынын кирешеси 124 млрд 216 млн сомдон ашты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына билдирди.

Анын айтымында, жыл аягына чейин алтын өндүрүшүнүн көлөмү 12 тоннага жетет.

«Бул кирешелер мамлекетибиздин казынасына түшүп, элдин кызыкчылыгына жумшалып жатат. Кумтөрдү чет элдик компания иштеткен жылдары 410 тоннадан ашык алтын казылып чыккан. Ал учурдагы күмүш жана башка баалуу металлдарды кошкондо, мамлекетке түшкөн үлүштүк киреше болгону 101 миллион долларды түзгөн. Ал эми 2025-жылы бир жылдык үлүштүк киреше 150 млн долларга жетти. Жалпы кирешебиз доллар менен эсептегенде 1 млрд 420 млн доллардан ашты», — деп белгиледи Орунбеков.

Ал ошондой эле бул ийгилик Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун ондогон жылдар бою Кумтөрдү мамлекетке өткөрүү үчүн көргөн күч-аракети жана кыйынчылыктардан кийин алынган натыйжа экенин белгиледи.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз