Сак урууларынын уникалдуу мурастары менен катар б.э. I—V кк. Кең-Кол жана Кара-Булак маданиятынын полихромдук стилде көп түрдүү жана көп түстүү кылынып, кымбат баалуу таштар чөгөрүлүп жасалган алтын кооздуктары өзгөчө кызыгууну туудурат.
Алардын эң көрүнүктүүлөрүнүн бири б.э. III-IV кк. таандык Алай өрөөнүнөн табылган Жалпак-Дөбө көрүстөнү. Аны археолог Асан Абатеков 1970-жж. тапкан. Анда адамдын сөөгүнүн ордуна 25 см. жыгач кенотаф – тул көмүлгөн. Маркум адамдын элесин чагылдыруу үчүн кенотафдын баш тарабына алтын беткепти (7,5X5,3 см.) кийгизип, 30га чукул алтын жана башка баалуу жасалгалары менен узатышкан. Адамдын денеси табылбай калганда, ырымдап койгон тулга жан-руху келет деп көмүлгөндүгү
божомолдонот.
Байыркы мезгилден бери келе жаткан анимизмден жана фетишизмден калган ишенимдин негизинде жерге берилгендиги болжолдонгон, кызыктуу жалгыз табылга.
Мындай тул коюу көптөгөн элдерде, алардын ичинен кыргыздарда кезиге турган байыркы салттардын бири. Тул куурчак сыяктуу жасалып, ага өлгөн адамдын кийими, тебетейи кийгизилип, жылдык ашына чейин сөөк жаткан эр тарабына коюлган. Аялдар ал мезгилде тулду карап алып кошок кошушкан. Ашын берген соң, бир жыгач кагылып, бир жыгач керилип байланып жасалган тулкуну өрттөп ийген. Кыргыздарда бул ритуал ХХ кылымдын башына чейин сакталган. Маркумдун тулун жасоо негизинен аттуу-баштуу адамдар каза тапканда колдонулгандыгы айтылат.
Аза күтүүдөгү тул тууралуу маа-лыматтар элдик оозеки булактарда, жазуучулардын чыгармаларында жана «Манас» эпосунда да кеңири баяндалат.

19-кылымдын аягы – ХХ кылымдын башында келген орус жана европалык окумуштуулары жамандыкта аткарылган мындай ритуал тууралуу жазып калтырышат.
Байыркыдан, миң жылдап бабаларыбыздын жашоо-турмушуна чейин уланып, ырым-жырым ишенимине кирген окуялардын алгачкы күбөсү саналган, жалгыз табылга болгон тулдун жүзүнө жабылган алтын беткеп, тарыхты изилдөөгө жол салган кызыктуу таржымалы менен баалуу.
Өмүрбек САМҮДҮНОВ,
Улуттук тарых музейинин
илимий кызматкери
(атайын «Кыргыз Туусу» үчүн)

