whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
23.01.2026
-8.9 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДен соолук“Ал эң биринчи адамдын жан дүйнөсүн дарылаган”

“Ал эң биринчи адамдын жан дүйнөсүн дарылаган”

Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында медицина илимдеринин кандидаты, биринчи балдар ортопеди Касымбек Тазабековдун 90 жылдыгына арналган “Жаш балдардын травматология жана ортопедиясына арналган актуалдуу маселелер” аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Ага 12 өлкөдөн 70тен ашуун коноктор катышып, балдардын ортопедия жана травматологиясына байланыштуу докладдар жасалды.

Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев өз сөзүндө балдар ортопедия мектебин негиздеп кеткен күчтүү дарыгер болгонуна токтолду.

«Касымбек Тазабековдун аты кыргыз медицинасында өзүнчө доор деп айтсак болот. Ал балдар ортопедия жана травматологиясынын негиздөөчүсү. Кыргызстанда бул багыттагы алгачкы медицина илимдеринин кандидаты болгон. Ал өз ишин ушунчалык жакшы көргөн жана жүздөгөн балдарды майып болуп калуудан сактап калган. Илимий-педагогикалык мектепти түптөп, ондогон мыкты дарыгерлерди тарбиялаган. Алар учурда ортопедия жаатында өлкөнүн бардык аймагында жана чет өлкөлөрдө кызмат кылышууда. Ал пациенттин денесин эле эмес жан дүйнөсүн да дарылай алган өзгөчө касиеттүү инсан эле.

Бүгүнкү эл аралык конфереция жаш балдардын травматология жана ортопедиясы жаатында жасалып жаткан иштер боюнча тажрыйба алмашууда  – мыкты аянтча болуп берет деп ишенебиз”, – деди ал. Ошондой эле министр Касымбек Тазабековдун негизги ишмердүүлүгүнөн сырткары жазуучулук менен да алектенгени,  7 прозалык, 3 поэтикалык китеби жарык көргөнүн белгилеп өттү.

Белгилүү ортопед Сабырбек Жумабеков кийинки жылы 40 орундуу заманбап балдар ортопедия борбору ачыла турганын, бул багытта мамлекет тарабынан тийиштүү иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди.

“Касымбек Тазабеков өлкөбүздө балдар ортопедиясын түптөп, бизге калтырып кетиптир. Биз анын ишин улантып, алдыга жылдырып жатабыз. Балдар ортопеддеринин иши оор. Кыргызстанда мыкты ортопед-травматологду өстүрүү үчүн 15-20 жыл керек. Бул багытта азырынча уучубуз кур эмес. Статистика боюнча Кыргызстанда жылына 2000ге жакын майып балдар төрөлөт экен. Жалпы жонунан 90 миңге жакын майып балдар бар. Ошолордун бардыгын балдар ортопеддери дарылап, бутуна тургузуп, чоңдор ортопеддерине өткөрүп беришет. Балдарды дарылай турган орундар бизде жетишсиз.

Казакстанда – 833, Өзбекстанда –1500дөн ашуун, ал эми бизде 25 эле орун бар. Буга чейин 40 орундуу жерибиз бар болчу, 3 жыл мурда балдар ооруканасына кошуп салышып, учурда ал жерде орун 25ке чейин кыскарып кеткен. Биз буга чейин жылына 1200гө чейин балдарды дарылап келсек, учурда алар каралбай калды. Бүгүнкү күндө улуттук илимий борбор салынып жатат. Буюрса кийинки жылы 40 орундуу заманбап балдар ортопедия борбору ачылат. Бул маселе чечилди десек болот”, – деди Сабырбек Жумабеков.

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу травматология жана ортопедия илимий-практикалык борборунун дарыгери Анвар Рахимов медицина тармагында Кыргызстан менен Өзбекстан тыгыз кызматташып келе турганын
айтты.

“Биз бул илимий конференцияга Өз-бекстандан чоң делегация болуп келдик. Тактап айтканда 50дөн ашуун делегат доклад жасайбыз. Иш-чарага катышып жаткан максатыбыз травматология жана ортопедия жаатында өлкөбүздө болуп жаткан жетишкендиктерди кошуна өлкөлөргө көрсөтүү жана коңшу Кыргызстанда болуп жаткан жетишкендиктерди көрүп кетүү. Медицина жаатындагы кызматташтыгыбыз мындан да жогорку деңгээлге чыгышына тилектешмин”, – деди.

Жогорку Кеңештин депутаты Винера Райимбачаева ар бир бала ден-соолугуна, социалдык абалына карабай билим алууга, өзүн өркүндөтүүгө укугу бар экенине токтолду.

“Бүгүн Тазабек Касымбековду эскерүүгө арналган эл аралык конференция өлкөбүздүн социалдык саясатына түздөн-түз тиешелүү. Ортопедиялык же травмасы бар балага канчалык эрте профессионалдуу жардам көрсөтүлсө, алардын ден-соолугунун калыбына келиши дагы батыраак болот”, – деди.

АКШнын Сент-Луиско университетинин Ортопедия департаментинин директору, профессор Жолдас Кульджанов кайсы бир өлкөдө материалдык-техникалык база жакшы, экинчисинде төмөн болушу мүмкүндүгүн, бирок, дүйнөнүн бардык дарыгерлери бир эле ишти аткара турганын кошумчалады.

“Биз КМШ өлкөлөрү менен тыгыз байланыштабыз. АКШ менен Кыргызстанды салыштыра турган болсок, ал жакта мате-риалдык-техникалык базасы жакшы болушу мүмкүн. Бирок анчалык деле  өзгөчөлүктөр болбойт, дарыгерлер кайсы өлкөдө болбосун бир эле ишти – балдарды дарылоону аткарышат”, – деди.

Мурдагы Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев жаңы салынып жаткан балдардын травматологиялык борбору травматолог дарыгерлер үчүн чоң жеңиш экенин айтты.

“Кыргызстанда улуттук травматология борборунун курулуп жатышы ушул багытта иштеген дарыгерлер тарабынан мамлекет тарабынан болгон камкордук катары кабыл алынып, алар сүйүнүп турушат.

Анткени, акыркы жылдары жол кырсыгынан улам травма алгандардын саны көбөйгөнүн жакшы билебиз”, – дейт Т.Батыралиев.

Воронцовкадагы курортология институтунун ортопеди  Качкынбек Абылкасымов союз тарагандан кийин балдар ортопедия-сы жана травматологиясы каралбай калганын айтты.

“Азыр деле бул тармак өнүгүп кетти дегенден алысмын. Жаш ортопеддер мурунку медициналык методдорду көп колдонбой жатышат. Чоңдордун ортопедиясы дүйнө жүзүндө өнүккөнү менен балдардын ортопедиясы бир аз аксап турат. Буюрса бизден да күчтүү балдар ортопеддери чыгып, бул тармакты алдыга сүйрөйт деп ишенем”, – деди ал.

Гезит

Дөөлөтбек БЕРИКБАЕВ: “Биз жаңы баскычтагы жаңырган Кыргызстанды курууга бет алдык

       Мамлекеттик жана коомдук ишмер, легендарлуу парламенттин депутаты, “Ак-Талаа Эл” коомунун Президенти,  “Уңгужол” доктринасын ишке ашыруу боюнча “Уңгужолдун насааткери” сертификатынын ээси Дөөлөтбек...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар