Редакцияга Эламан Калмаматов аттуу музыкант кайрылды. Ал бүгүнкү күндө көзү өтүп кеткен авторлордун укугу корголбой жатканын, азыркы аткаруучулар эски, элдик ырларды менчиктеп алып жатканын айтууда.
“Кыргызпатент”, Маданият министрлиги жакшы иштебейт
“Мен өзүм маданият чөйрөсүндө жүргөн адам катары ушул тармактагы бир маселеге токтолгум келет. Мына азыр баарыбыз эле youtube аркылуу кино көрүп, музыка угабыз. Атайын кызыгуу менен байкап көрсөм, көпчүлүк ырчылар youtubeдагы каналдарына жүктөлгөн чыгармаларына авторлорду көрсөтпөйт экен.
Уoutube эле дейин десең, айрым радиолор дагы ырдын чыныгы авторун эмес, аткаруучунун аты-жөнүн айтуу менен гана чектелген учурлар болот. Маданият министрлиги ушундай жагдайларды өзү жакшылап көзөмөлгө алышы керек. Антпесе, дагы 10-15 жылдан кийин Рыспай Абдыкадыров, Тууганбай Абдиев, Асанкалый Керимбаев, Жумамүдүн Шералиев, Элмирбек Иманалиев сыяктуу залкарлардын аты унутулуп калат. Элдик чыгармалардын кимдир бирөөлөр тарабынан менчиктелип кетпеши үчүн “Кыргызпатент” азыртадан көңүл бурууга тийиш.
Мына коңшу Казакстанды эле алалы. Аларда ар бир ырдын текстин, обонун жазган автор сөзсүз айтылат. Ал тургай керек болсо клипке тартылгандардын да аты-жөнүнө көңүл бурулат”, – дейт Э.Калмаматов.
Ал азыркы аткаруучулар ырлардын текс-тин бузуп жатканына токтолуп, бул акынды сыйлабастык экенин айтууда.
“Кээ бир аткаруучулар эски ырлардын текстин бурмалап салган фактылар дагы кездешет. Мындай кылган туура эмес, мен муну акынга карата сыйлабастык деп билем”, – деди ал.
“Кыргызпатенттен” youtube социалдык тармагында авторду белгилебей койгон учурлар бар экенин, ал боюнча юристтер иштеп жатканын айтышты.
Аткаруучулардын автордун атын атабай коюшу, ырдын текстин бурмалап жатышы боюнча айрым маданият өкүлдөрүнүн пикирин сурап көрдүк.
Бирөөнүн чыгармасын кантип меники деп айтышат?”
Кыргыз эл артисти Майрамбек Осмонов азыркы жаштар авторду сыйлабай жатат деген пикирде.
“Эне 9 ай боюнда көтөрүп, толготуп төрөп, түн уйкусун кечип баласын эмизип чоңойтот. Чыгарма деле ошондой эле нерсе, эми басып калган баласын башка бирөө талашса кандай болот? Чыгарманы деле элге таанылып калганда башка бирөөлөр менчиктеп алса, авторго оор тиет.
Экинчи жагынан обончулар да аткаруучуларга “дайыма тексттин жана музыканын авторун айтып жүргүлө, болбосо чыгармамды кайтарып алам”, – деп катуу талап коюшу керек.
Кээ бир жаш аткаруучулар тойлордо “кийинки композициям”, – деп жатышпайбы? Ал билимсиздик эмес, караңгылык. Бирөөнүн чыгармасын кантип менчиктеп меники деп айтышат?” – деди.
М.Осмонов айрым радиолордо авторлордун аты аталбай жатышы катаал мыйзамдардын жоктугуна байланыштуу деп түшүндүрдү.
“Эгерде автордун аты аталбастан чыгарма жаңырса, айып пул салынат деген катаал мыйзам жок. Эгер, ошондой мыйзам болсо анда бардык радиолор, телеканалдар автордук укукка көңүл бурушмак. Бул багытта Маданият министрлиги чабал иштеп жатат. Ал эми “Кыргызпатент” болсо бардык чыгармачыл адамдарды чакырып, алардын чыгармаларын патенттеп бериши керек. Эгерде кайсы бир чыгарманы эртең коңшу өлкөлөрдүн биринин артисти патенттеп алып ырдап чыга турган болсо, биздики кантип аны далилдейт. Ошондуктан “Кыргызпатент” ар бир чыгармачыл инсан менен келишим түзүшү абзел”, – деди.
“Автор менен аткаруучунун ортосундагы келишимге жараша…”
Жалал-Абад облустук Барпы атындагы Кыргыз драма театрынын көркөм жетекчиси Курманбек Ниязбеков айрым авторлордун аты аталбай жатышы акын менен аткаруучунун ортосундагы келишимге байланыштуу болушу мүмкүн деп эсептейт.
“Чындыгында ар бир чыгарманын автору аталууга тийиш. Аткаруучулар социалдык тармактарга чыгармасын жарыялап, анысы популярдуу болгону үчүн ар кандай иш-чараларга, тойлорго чакырылып киреше таап жатышат. Социалдык түйүндөрдө автору жазылбаса, интернет колдонуучулар ошол аткаруучу өзү жазган текст экен деп ойлоп калышат.
Ал эми айрым акындар же композиторлор чыгарма жаратканда анын автордук укугун, келечекте “Кыргызпатент” берчү гонорарын кошо сатышат. Андай болгон учурда кийин композитор менен акындын автордук укукту талашууга укугу жок болуп калат. Ал эми кээ бир акындар аткаруучуга жазып берген тексти үчүн калем акысын алышат. Ошол эле учурда ырды ЖМКларга жарыялаганда автор деп мени белгилейсиң деген талапты коюшат. Менин айтайын дегеним автордун айтылбай жатышы чыгарманы жазып жаткандагы эки тараптын келишимине жараша болот. Бирок, көптөгөн жаш аткаруучулар автордун атын атабай жатканы чын. Музыкалык билим алган аткаруучулар автордук укукту сакташы керек”, – деди.
“Автордун атын тактап бериш керек”
Ырчыларга текст жазып берип иштешип жүргөн Ырысгүл Изатова жазып берген текстине калем акы ала турганын, бирок, чыгарма жарык көргөндө автордук укуктун сакталышын көзөмөлдөй турганына токтолду.
“Мен айрым ырчылар менен иштешем, ыр жаздырганда гонорар беришет. Бирок, автордук укук сакталат. Youtube, радио, телеканалдарга чыгарма берилгенде менин атым кетет. Анткен менен көпчүлүк учурда автордун аты-жөнүн ката жазган, же башка авторго алмаштырган учурлар кездешет. Мисалы, кайсы бир телеканалдан сөзү Сагын Акматбековага таандык ырды “сөзү: С.Акматбеков” деп титрге жазып чыгарышканын көрүп калгам. Ошол үчүн ырчылар ырдап жатканда, телеканалга бергенде авторун тактап бергени оң”, – деди ал.
Мураскор кандай укуктарга ээ боло алат?
Чыгарманы коммерциялык пайдаланууга байланышкан мүлктүк автордук укуктар мураскорлорго өткөрүлүшү мүмкүн. Аларга төмөнкүлөр кирет:
- Чыгарманы көбөйтүү укугу (көчүрмөлөрүн түзүү);
- Таратуу укугу (сатуу, ижарага берүү, прокатка чыгаруу);
- Коомго алып чыгуу укугу;
- Иштеп чыгуу укугу (адаптация, экранизация, котормо);
- Чыгарманы пайдалануу үчүн сый акы алуу укугу.
Бул укуктар мураскорлорго мыйзамдуу мураскорлук тартибинде же керээз боюнча өткөрүлүшү мүмкүн.
Кантип мураскорлукка катталса болот?
“Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” мыйзамына ылайык автордук укук автордун бүткүл өмүрүнүн аягына чейин жана ал өлгөндөн кийин элүү жыл күчүндө болот. Бул автор өлгөн жылдан кийинки жылдын биринчи январынан тартып эсептелет. Автордук чыгарма автордун ысымы жана чыгарманын кол тийбестиги мөөнөтсүз корголот. Мураскорлукка катталуу үчүн мамлекеттик нотариус аркылуу бардык иш кагаздарын тактап алып келип “Кыргызпатентке” өткөрүшөт.
“Кыргызпатенттин” базасында 700дөн ашуун мураскор көзү өтүп кеткен жакын туугандарынын гонорарын ала турганы жазылган. Алардын катарында Болот Миңжылкиев, Тууганбай Абдиев, Апаз Жайнаков, Акылбек Жумаев, Токтогул Имашев, Чоро Кожомжаров, Курбаналы Сабыров, Осмонжан Абдылдаев, Адылбек Тургунбаев, Аалы Токомбаев, Токтосун Тыныбеков, Асанбек Умуралиев, Бекболот Абдыраимов, Шатман Садыбакасов жана башка инсандардын чыгармаларына мураскерлери гонорар ала турганы айтылган.
Автордун ысымын атабай коюу уурулукпу?
Кыргызда “Кыңыр иш кырк жылда билинет”, – деген жакшы кеп бар. Азыркы күндө кыңыр иштер кырк жыл эмес, бат эле билинип калып жатпайбы? Бирөөнүн эмгегин уурдап алуу плагиат деп аталат. Бул үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралбаганы менен абийир алдындагы жоопкерчилик бар.
Кээ бир аткаруучулар тексттин авторуна же музыканы жазган адамга сый акы төлөп берип, ошону менен чыгарманы биротоло менчиктеп алганы туура эмес. Өмүрүндө эки сап уйкаштырып жазбагандар, жандуу үн менен эки ырды татыктуу ырдай албагандар тексти, обону өзүмө таандык деп айткандан уялууга тийиш. Албетте, эстрада ырчыларынын арасында жандуу үн менен ырдап, нечен жылдардан бери эл оозунан түшпөй келаткан таланттуу инсандарыбыз да бар. Ошол эле учурда чыгармачылыкты бизнес көрүп, эптеп 4 ыр жаздырып, той-топурларда фонограмма менен ырдап акча таап жүргөндөр чыныгы таланттуу, чыгармачыл инсандардын кадырын түшүрүүдө.
Султанбек АМАНБЕК уулу,
“Кыргыз Туусу”